Саламатсызбы. Силерден кеңеш алайын дедим эле. Жашым 32де, жолдошум менен турмуш курганыбызга 10 жыл болду, эки уулубуз бар.
Жакында жолдошумдун башка менен жүргөнүн билип калып катуу стресске кабылдым. Жарым жылдан бери сүйлөшүп жүрүшүптүр. Же бир жаш кыз болсо мейли го. Күйөөдөн ажырашкан, 4 баласы бар менден бир эле жаш кичүү аял экен.
Ал шуркуя барын билет экен, күйөөмдүн үй-бүлөсү, эки уулу бар экенин. Мен эч нерсе сезген жокмун. Мамилеси мурда кандай болсо ошо бойдон эле болчу. Кандайча билип калдым дебейсизби? Эки айдан бери күйөөм аны менен сүйлөшпөй калыптыр. Анан ал ызаланып телефонуна ар кандай СМСтерди жаза баштайт, аны мен көрүп калам.
Аялдар эмне эле болуп бара жатышат, үй-бүлөлү эркек менен деле мамиле куруп? Ойлоно берип уйкум качып, түнү менен уктабай чыгам.
Күйөөм менден кечирим сурады, “ал давно бүткөн иш” деди. Бирок мен ага ишенбей калдым. Бул кандай “измена” болду: эмоционалдык же физикалык? Бул кайра кайталанышы мүмкүнбү? Кантип унутам?







