Менин бир досум бар. Ал 2013-жылы үйлөнүп, эки кыздуу болгондон кийин келинчеги менен таарынышып, чогуу жашабай жүрүшкөн. Ошол убакта ал Москвага иштегени кетип, эки жыл дегенде келди.
Кайра жарашуу ниети менен кыздарын көргөнү кайын-журтунун үйүнө барса, аялы башка бирөөгө турмушка чыгып алыптыр. Арадан бир аз убакыт өтүп аялы ажырашып, кайра досум менен бир жумадай жашап, «апамдын үйүнө барып келейин»,-деп кетип, кайра эле тиги күйөөсү менен жарашып алыптыр. Эми болсо досума, «ЖААКты кырктырабыз, алимент төлөйсүң»,-деп жатат.
Сурайын дегеним, досумдун аялы ЖААКты кырктырбай туруп, башка бирөөгө турмушка чыгып кеткени үчүн жоопко тартылабы? Досум алимент төлөй турган болсо канча берет?







