AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Аял адамбы

Аял адамбы, же…

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Коомубузда аялды — укугу жок, колунан үй жумуштарынан башка эч нерсе келбеген зат катары карагандар аз эмес. Мындай жаңылыш пикирди ислам динин туура эмес түшүнгөндөр карманышат.

Динде аял кишинин укуктарына өзгөчө маани берилген. Анын коомдогу, үйдөгү жана үй-бүлөдөгү орду бийик.

“Билесиңби” порталы исламдагы аялзатынын укуктары тууралуу теологдор менен сүйлөштү.

Жар тандоо укугу

Ислам дини аялдарды аябай сыйлайт. Ошол себептүү кыздарда болочок жарын тандоо укугу бар.

Султанали Гапуров, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын даават бөлүмүнүн адиси:

— Албетте, жар тандоодо эркек кишинин дагы, аял кишинин дагы өзүнүн укугу бар. Сөзсүз түрдө ата-эненин көңүлү каралат. Ата-эне жүрөгү перзенти үчүн согот, алар өз балдарына жамандык каалабайт. Эгер ата-эне ылайыктуу жерди көрсөткөн болсо, “макулмун” же “макул эмесмин” деп айтуу кыздын эрки. “Ата-энем айтып жатат, мен сөзсүз түрдө ошого турмушка чыгышым керек” деген мажбурлоо жок. Себеби, ал адам менен жашоочу кыз болот. Жалпылап айтканда, динибиз кыздарга бул жаатта тандоо укугун берген.

Билим алуу укугу

Шариат аялдарга өзүн-өзү өнүктүрүүгө, билим алып, акча табууга уруксат берет.

Кадыр Маликов, теолог:

— Ар бир адам баласы ал эркек болсун, же аял болсун илим алууда эч кандай айырмачылыгы жок. Эгерде аял билим алгысы келип, өзүн өркүндөтүүнү кааласа бул нерсеге мүмкүнчүлүк бериши керек. Куранда “Билим алуу үчүн изденүү ар бир мусулмандын милдети” деп айтылган. Ал эми Пайгамбарыбыз (с.а.в) “Билим кайда гана болбосун аны издегиле” деген. Демек, аял дагы билим алууга укуктуу. Ошондой эле Пайгамбарыбыз  (с.а.в) «Илим алуу ар бир мусулман эркек жана аялга парз» деп айткан. Мындан илимдин канчалык маанилүү жана зарыл экенин түшүнүүгө болот.

Иштөө укугу

Кээ бир эркектер аялдарын иштетпей үйгө камап коюшат. Бул туура эмес.

Улан Усупов, теолог:

— Аялдар аялзатына ылайыктуу, шарты туура келген жана шарият уруксат берген чөйрөдөгү жумушка иштөөгө укуктуу. Алар иштеп тапкан акчасына өзүнө керектүү буюм-тайымдарды, кийим-кечелерди алат. Үй-бүлөсүн, тамак-аш, кийим-кече менен камсыз кылуу эркектин милдети. Мындайча айтканда аял акчасын өз муктаждыктарына гана жумшайт.

Кесип тандоо укугу

Айдоочу же ширетүүчү болуп иштеген аялдарды таң калып карайбыз. “Бул эркектин жумушу да” деп артынан сөз кылабыз. Мүмкүн, аял өз кесибин сүйөт.

Султанали Гапуров:

— Аял киши кесип тандоо укугуна ээ. Болгону өздөрүн азапка салып, оор жумуштарды аткарып жанын кыйнабашы керек. Оор жумуштарды эркектерге калтырып, жеңилин тандаса туура болот. Себеби, аялзаты назик зат. Жумуш шарты аялдарга ылайык болуп, кызматы физиологиялык жана психологиялык жактан ден-соолугуна терс таасирин тийгизбеши зарыл.

Өз оюн билдирүү укугу

Көп учурда аялдын жеке оюна орун жок болуп калат. “Сен эмнени билмек элең, бар тамагыңды жасап, ишиңди кыл!” дегендер арбын. Бирок, аялзатын сыйлоо, аздектөө тууралуу жана укуктары эркектердики менен тең экендигин аяттар, хадистер айтат.

Нурлан Субанов, “Адеп Башаты” фондунун мүдүрү:

— Пайгамбарыбыздын аялдарынын бири Айша энебиз акыл-эстүү аял болгондуктан, көп жерде Пайгамбарыбыз аны менен кеңешип, оюн угуп иш кылган. Андан кийинки улуу-улуу энелерибиздин ойлору ушунчалык так-даана айтылгандыктан, шариятта көп жерде аялдардын оюу алынган. Бардык эле аялдардын оюуна орун берилет дегенден дагы алыспыз. Оюу алына турган деңгээлдеги акыл-эстүү, билимдүү болуш керек.

Кызмат кылуу укугу

Шарият, “Эркектердин эң мыктысы – өз аялдарына жакшы мамиле жасагандар” деп айтат. Андыктан, “сен мага кызмат кылышың керек” дегендер жаңылышат.

Султанали Гапуров:

— Шарият боюнча аялдар күйөөсүнө кызмат кылууга милдеттүү эмес. Эгерде аял күйөөсүнүн көңүлүн алып, тамагын берип, кийимин тазалап берсе кудай ыраазы боло турган иш жасайт. Баары өз каалосу менен болот. Күйөөсү сенин милдетиң дебестен, бош убактысында кол кабыш кылса, ортолорундагы сый-урмат, сүйүү бекемдейт.

Ислам дининде ар бир нерседе тең салмактуулук принциби бар. Жогорудагы пикирлер  аялдын коомдогу орду бийик экенин көрсөтүп бере алды деп терең ишенебиз.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Жигитим "кыз эмес окшойсуң" деди

Жигитим "кыз эмес окшойсуң" деди

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.