AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Атаң апаңды уруп жатса эмне кылуу керек? Адистер кеңеш берет

Атаң апаңды уруп жатса эмне кылуу керек? Адистер кеңеш берет

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Үй-бүлөдөгү зомбулук – эки адамдын ортосундагы гана эмес, мындай кырдаалда ар дайым жабырлануучуга айланган балага карата зомбулук дагы болуп саналат. Атаң апаңды уруп жатса эмне кылуу керек? Bilesinbi.kg адистерин кеңешин сунуштап, кандай иш-аракеттерди аткаруу керек экенин айтып берет.

Алгач эмне кылуу керек?

Психолог Перизат Асылбаева атасы апасына зомбулук көрсөткөн балдар коопсуздукту сезбей турганын айтып, төмөнкүлөргө токтолду.

— Биринчиден, атаңар менен соо кезинде сүйлөшкүлө. “Ата, мен аябай ыза болуп жатам. Апам экөөңөр тең мен үчүн маанилүүсүңөр, бирок апама кол көтөргөнүңүз зомбулукка жатат, мен буга каршымын”,-деп айтып көргүлө.

Экинчиден, 111 акысыз  “Балдар ишеним телефонуна” кайрылып, психологдон кеңеш алгыла.

Үчүнчүдөн, апаңар менен сүйлөшкүлө. “Апа, зомбулуктан баарыбыз жабыркап жатабыз. Менин жүрөгүм ооруп турат, бул үй-бүлөдө жашоо биз үчүн кооптуу болуп жатат. Келиңиз чогуу чечим чыгаралы, 111ге чалып көрсөңүз” дегиле. Балким, апаңар 111ге чалып, психологиялык кеңеш алып, күчтөнүп, жакшы бир чечимге келет.

“Балдар үчүн ишеним телефону” борборунун директору Марина Джапаркулова борборго кайрылган жарандарга психологиялык гана жардам көрсөтүлүп тим болбостон, тиешелүү иш-араткеттер көрсөтүлөрүн кошумчалай кетти.

— Ата-эне тарабынан зордук-зомубулук көрүлүп жатса, баланын өзү менен мүмкүнчүлүк болсо ата-энеси менен сүйлөшөбүз, кээде ички органдар кызматына кайрылабыз. Андан кийин кайрылган абоненттин жашаган жеринде иш алып барган Эмгек же социалдык башкармалыгына билидирүү жөнөтөбүз. Алар ошол жерге барып, иш жүргүзүшөт.

Биз билдирүү жөнөтүп тим калбайбыз. Тапшырма берген мекемеге кайра чалып, кандай иш жүргүзүлдү деп, жыйынтыгын сурап турабыз. Чалган абонент менен да байланышып: Эмне болду? Өзүңдү кандай сезип жатасың? Дагы кандай жардамга муктажсың? – деп сурайбыз.

Зордук зомбулуктун курмандыгына, кээде зордук зомбулук көрсөткөн адамга да психологиялык жардам көрсөтүү керек болуп калат. Региондордо атайы психологдордун координаттары бар. Балдар менен иштешкенге жолдомо беребиз. Алар абоненттер менен байланышып, аларга психологиялык жардам берип, консультация өткөрүшөт.

Бишкекте болсо “Балдарды колдоо борборунун” даректерин, телефон номерлерин берип,  ошол жерге кайрылууну сунуштайбыз.

Кандай аракеттерди аткаруу зарыл?

Юристтер зомбулукка кабылган адамдарды алгач милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылуу керек экенин айтышат. Мисалы, 102 номерине чалса, аймактык милиция ошол замат келип, зомбулук көрсөткөн адам менен тиешелүү иш аракеттерди алып барып, үй-бүлөгө коргоо ордерин берет. Бул ордер эмнени түшүндүрөт? Милиция түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, зомбулук көрсөткөн адамдан “эч кимге зордук көрсөтпөйм” деген убадасын кагаз түрүндө алып, кол койдурат. Алгач коргоо ордери үч суткага берилет, кайра мурдагы адатын баштаса бир айга узартылат. Такыр эле болбосо, камакка алынып, жоопкерчиликке тартылат.

Кайда барса болот?

Көпчүлүк учурда жабырлануучу барар жери жок, баарына чыдап жүрө берет. “Сезим” кризистик борборунун юристи Ракия Рахматова эгер бара турган жери жок болсо, борборго келип белгилүү мөөнөткө чейин акысыз жашаса болорун айтты:

— Эгерде үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылсаңар, “Сезим” кризистик борборуна кайрылсаңар болот. Бул жактан акысыз юридикалык, психологиялык, социалдык жана медициналык жардамдар көрсөтүлөт. Бара турган жери жок кыз-келиндер борбордун шелтеринде белгилүү бир убакка чейин жайгаштырылат. Ал жерден дагы укуктук, психологиялык/психотерапиялык жана  социалдык жардамдар көрсөтүлөт. Шелтер аялдардын балдары менен жашоосуна ыңгайлашкан.

Юрист сөзүнүн аягында  зордук-зомбулук бул денеге гана келтирилген залакат эмес экенин айтты.

— Психологиялык зордук-зомбулук – бул ур-токмок көрсөтпөстөн, психологиялык жактан басмырлоо. Экономикалык зомбулук – иштебей балдары менен үйдө отурган аялдарга күйөөсү акча бербей, берсе дагы санап берип, кысымга алуу болуп саналат. Мындай учурларда дагы адистерге кайрылып, жардам алуу зарыл.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт. Ош улуттук драма театрынын актрисасы Кайыргүл Жуманова үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу образ жаратып жаткан учур. (Үсөн Акундун сүрөтү).

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Ысык-Көл тууралуу билбей уят болбойсузбу? Кыйындыгыңызды тест менен далилдеңиз

Ысык-Көл тууралуу билбей уят болбойсузбу? Кыйындыгыңызды тест менен далилдеңиз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.