AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Атамдын туугандарынын айынан варенье менен кайнак суу ичип калганбыз

Атамдын туугандарынын айынан варенье менен кайнак суу ичип калганбыз

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

«Курсагым курулдаган сайын атамдын туугандарына болгон жек көрүм күчөйт»

— Апа, суу кайнады, жүрүңүз ичип алалы.

— “Варенье” калыптырбы, азыраак сал.

— Мен жөн эле суу ичем.

— Кой, эсиң ооп, жыгылып каласың.

Эт жей элегибизге туптуура эки жыл болду. Ун салган идишибиз көптөн бери бош. Кургак чайыбыз бир ай мурун түгөнгөн. Ошондон бери кайнак суу ичебиз. Дагы жакшы, апам жапкан вареньелер бар. Эртең менен, түштө жана кечинде, ошону сууга чылап, ичип алабыз. Курсагым курулдаган сайын атамдын туугандарына болгон жек көрүм күчөйт. 

Атам бизди ойдо жок жерден таштап кетти. Чай ичип бүтүп дароо тура калды эле, кулап түштү. Тез жардам келгиче каза болуп калды. Башына кан куюлуп кеткен экен.

Башкаларды бери кой, бир туугандары душман болуп чыгышты. Карындашы, байкелери жана инилери чогулуп үйгө келишти. Кан жутуп отурган апамды жулкулдатып, “бир тууганыбыздын дүнүйөсүн басып алдың”, “бизге баланча сом бересиң”, “боз үйдү кырк күн алдырбайсың, “күндө кой соесуң” деген талаптарды коюшту. Өздөрүнөн бир тыйын чыккан жок.

Бир күнү байкемди таппай калдык. Мал базарга кеткен боюнча жок. Ал убакта кайдагы телефон. Апам экөөбүз кезектешип жол карайбыз. Досторун кыдырып чыктым, эч кимиси билбейт. Түндө атамдын иниси менен бир милицияны ээрчитип келди. “Камаганга себеп табабыз. Байкемдин базарын менин атыма жаздырып бересиң” — деди. Баса, атамдын чоң базары бар болчу, биз ошонусу менен жан бакчубуз. Апам ыйлап, “айтканыңардын баарын аткарам, болгону уулумду кое бергиле”,-деп, документтерге кол коюп берди. Эртеси байкем келди.

Үйдө тыйын калган жок. Байкем шаарга жумуш издеп кетти. Апам медайым болуп 700 сомго иштейт. Тапканы светке, сууга төлөгөнүбүзгө жетет. Апамдын “кой” дегенине карабай, сабактан кийин заводко каперс (бадал өсүмдүктүн бир түрү) туздагыч болуп кирип алдым. Баштан эмне деген күндөр өтпөдү.

Курсагыбыз курулдап, өңүбүз бозоруп, кайнак суу ичип отурсак дагы жакшылыктан үмүтүбүздү үзгөн жокпуз. 

“Өлбөгөн жанга жаз келет” дегендей, бизге бир жакшылык тиер күн келди. Айылдагы үйдү сатып, шаарга көчүп кеттик. Бутубузга туруп, турмушубуз оңолду. Баягы жоголуп кеткен туугандар бирден, экиден чала башташты. Айрымдары айылдан ар нерсесин көтөрүп алып эч нерсе болбогондой үйгө келишет. Бирок, биз кимдин ким экенин жакшы билип калганбыз.

Баса, жакында атамдын базары өрттөнүп, ээси банкрот болгонун уктук.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим «ата-энеңе акча салба» деп айлыгымды алганга шашылат

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
"Айыл Банк" пенсия жана жөлөкпул алуучулардын карталарынан коммиссия кармабайт

"Айыл Банк" пенсия жана жөлөкпул алуучулардын карталарынан коммиссия кармабайт

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.