
Мен сиздерге мындан мурун дагы жазып кеңеш алгам.
Мени атам мажбурлап турмушка берген, жашай албай ажыраштым. Күйөөмдүн мүнөзү жаш баланыкындай болчу. Эки жума жашаганда эле мени урду.
Азыр ата-энемдин үйүндөмүн. Атамды көргөн сайын жек көрүп кетем. Ал апама «кызың өзү күнөөлү» деп, кылганын моюнуна албайт. Кеңеш бериңиздерчи.







