AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Атамдын банкта директор эмес

Атамдын банкта директор эмес, кароолчу болуп иштегенин билген куда дароо өзгөрдү

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Карындашымдын маанайы түшүп калды. Унчукпай карап турду дагы чыгып кетти. Артынан бардым. Эч ким менен сүйлөшкүсү келбегенин айтты. Чекесинен өөп жалгыз калтырдым. Сыртка чыгып ары-бери бастым.

Карындашымдын жигитинин ата-энеси куда түшүп келишкен. Алдын ала айтылгандыктан кой союп, дасторкон жайып тоусуп алдык. Мен жумушуман суранып атайын айылга келгем. Үйдүн эки жагын оңдоп түзөп конокторду күтүп отурдук.

“Банкта иштеген адам мене куда болот экенбиз” деп улам айтып жатышты. Түшүнгөн жокмун. Ооба, атам банкта иштейт. Он жылдан бери кароолчу. Кандай гана карапайым адамдар деп сүйүнүп отурдум. Анан бир маалда эле ызы-чуу болуп кетти.

— Апей, сиз эмне кароолчу белеңиз?

— Ооба.

— Биз сизди банктын директору экен деп жатпайбызбы, иий шерменде.

— Эмнеси шерменде, сизди түшүнбөдүм.

— Жалгыз уулубуз үйлөнүп жатса, анан тиги эми сиздин кызга болбой калат го…

— Сөздү токтотуп, бата кылалы.

— Кызыңыз деле жашырбай эле атам кароолчу деп койбойбу.

— Келгиле бата кылалы.

Атамдын сабарына таазим, аларга теңелип чыр салган жок. Карындашым чай көтөрүп келаткан шок болуп катып калды. Апам тостоюп турат. Мен сүйлөнүп чыгып бараткан кудаларды узатып, эшикти кулпуладым. Үйгө келсем атам кийинип алып жумушуна жөнөп баратыптыр. Демейде тамаша айтып кетчү атам унчукпай чыгып кетти. Апам үнсүз чыныларды чогулта баштады.

Карыдашымдын бөлмөсүнө кирдим. Ойлонуп жатыптыр. Ыйлабаптыр. Мени көрүп тура калды.

— Чын эле атам кароолчу деген эмес белең.

— Атам банкта иштейт дегем, эмне иштегени анык эмеспи.

— Жигитиң эмне дейт?

— Билбейм. Ата-энеси айткан кызга үйлөнөт болуш керек.

— Капа болгон жоксуңбу?

— Атам мен үчүн биринчи орунда, ал эмес.

— Жүр, чай ичели.

Атам кечинде келди. Көңүлү жок. Карындашым эч нерсе болбогондой чуркап чыгып тосуп алды. Кучактап өптү.

— Ата, капа болбоңузчу. Сиз дүйнөдөгү эң сонун атасыз. Мен сиз менен сыймыктанам. Сиз болбосоңуз, банкты эбак эле ар ким тоноп кетмек. Демек, чоң жумуш кылып жатасыз. Мен сиздин жумушуңуздан уялбайм, уялган дагы эмесмин. Андай адамдарга теңелбейбиз. Мен сиздин кызыңыз болгонум үчүн сыймыктанам. Өзүңүз айтпадыңыз беле, жашоо өзү баарын ордуна коет деп, туурабы?”

— Мен үчүн сүйгөнүнөн ажырады деп кабатыр болуп жаткан кызым. Айткандарың туура. Андай адамдарга теңелбейбиз. Сен сөзсүз бактылуу болосуң, э?

— Ооба, анткени мен сиздин кызыңызмын.

А менин дале ачуум келди. Адамдык сапаттарды кызматтан ылдый койгон адамдарга таң калдым. Аттиң, акчаны колунда эмес, жүрөгүндө сактап алышыптыр. Кийин өздөрүнө эле жаман. Алтындай болгон адамдар менен куда болуу мүмкүнчүлүгөнөн ажырашты. Мындай шанс бир эле жолу келет.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим «ата-энеңе акча салба» деп айлыгымды алганга шашылат

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бел суусу бир мүнөткө жетпей түшкөн эркектер үчүн пайдалуу маалымат

Бел суусу бир мүнөткө жетпей түшкөн эркектер үчүн пайдалуу маалымат

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.