Саламатсызбы! Атам мектепте мугалим болуп иштейт. Мен кечээ атамдын телефонун чукулап отуруп, сүрөттөрүнө кирсем мени биринчи класста окуткан мугалимим менен чогуу төшөктө жаткан видеолору бар экен. Аны көрүп калып ватсапка кирсем, номери турат, бирок жазышкандарын өчүрүп коюптур. Экөөнүн мамилесин окуп жүргөнүмдө байкап калгам, бирок ишенгим келбейт эле. Эми атамы көргөн сайын жактырбай, башкача эле сезим болуп жатат. Апамдын кан басымы бар, кабатырланбашы керек, ошон үчүн айткан жокмун. Атамды аябай жакшы көрөм, апам билсе ажырашып кетет, кайда барат деп атама боорум ооруйт. Атамдын ойношу жаш эле аял, улуу эжем менен тең. Анын балдары бар, атамдын үй-бүлөлүү экенин да билет. Атам карып калды, кароолчу болуп иштейт, бир күн үйдө, эки күн жумушунда. Мага аябай катуу сокку болду. Эмне кылсам болот? Үйдөгүлөргө айтсам чоң уруш болот. Апама боорум ооруп жатат. Ал атамды аябай сүйөт.
Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары
31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...







