Саламатсызбы! Атам каза болгондон кийин апамдын кайын-журту малдарын, жерин бербей төрт кызы менен көчөгө чыгарып коюшкан. Апам жалдаган адвокат атамдын байкесинин досу экен, соттон жардам бербей койгон. Атымдын мүлкүн алуу үчүн кайсы жакка кайрылсак болот?







