Саламатсызбы, мен психологдун кеңешине муктаж болуп турган учурум. Студентмин, 19 жаштамын. Үч бир тууганбыз, менден кийин дагы эки иним бар.
Мени ойлондурган маселе, атамдын арак ичкени. Биз эс тарткандан бери эле үй-бүлөбүзгө тынчтык бербей ичет. Апам мектепте мугалим болуп иштейт. Атамдын биз менен иши жок, жөн турбай апамдын таап келген акчасын да ичип жок кылып салчу. Кечкисин үйгө келгенде жөн жатып калбай, апама, бизге асылат. Атаман качып, суукта тоңуп, далай жолу мал сарайда түнөдүк. Бир жылдай даваатка чыгып, намаз окуп оңолгонсуп калган. Анан кайра эле иче баштады.
Соо кезинде атаман өткөн жакшы киши жок. Апам алкаш болсо да өз атаңар деп, өмүр бою чыдап жашап келди.
Мен атамдын арак ичкенинен уялам. Ошонун айынан уялчак, жалтак, өз оюн ачык айта албаган кыз болуп чоңойдум. Кээде өлүп алгым келет. Анан апамды ойлоп, аны аяйм. Турмушка да чыккым келбейт. Күйөөмө, кайын-журтума атам ичет деп кантип айтам?
Мага кеңеш бергилечи?







