AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Атам эжемдин тоюн бир жума калганда токтотту

Атам эжемдин тоюн бир жума калганда токтотту

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир кыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Эжем экөөбүз бир окуу жайда окуйбуз. Ал менден эки жаш улуу анан сулуу. Артынан чуркаган жигиттер көп. Кээде мага жаккан балдар аны караса кадимкидей кызганам. Бирок, эжемди аябай жакшы көрөм. Боорукер. Акыркы он сомун берип мени маршруткага салып жиберет. Өзү болсо группалаш кыздарынан карыз сураганы артка кетет.

Быйыл сүйлөшүп жүргөн жигитине турмушка чыгат болчу. Экөө айылдан баш кошуп, кайра шаарга келип окууларын улантышмак. Жигити дагы студент.

Ата-энеси үйгө куда түшүп келишкен. Сөйкө салып жатканда “кызыңызды окутабыз, кайра эле шаарга кетет”,-деп жаткандарын угуп калгам. Атам эжемдин тандоосуна тоскоол болбой турганын айтып макулдугун берген.

Той күнү белгиленип, туугандарга кабар узап, тоодон кыз узатууга союлчу жылкы, койлорду алдырттык. Эжем көйнөк тандап, макияж, чач жасалгасына алдын ала жазылып койду. Мен байкуш күн сайын инстаграмга кирип көйнөк издейм. Баарынан сулуу болгум келди. Бирок, кыялымдагы көйнөктү таппай бултуңдап ыйлайм. Эжем байкуш күйпөлөктөп жаныман чыкпайт.

Бир жумадан бери эжемдин көңүлү жок. Тамак ичпейт. Күн сайын көйнөгүн карап суктанчу эле, азыр шкафынын жанына басып барбайт. Сурасам баары жакшы деп коет. Ата менен апам дагы кабатыр болуп жатышты.

Түндө ойгонсом жанымда эжем жок экен. Терезебиздин түбүндө шыбырашкан үндөр угулат. Акырын бутумдун учу менен туруп барсам, атам менен эжем отуруптур. Эжем ыйлап жатат. Атам чачын сылап отурат.

— Ата, мен туура эмес тандоо кылган окшойм. Жигитим “баш кошкондон кийин окууңду таштап ата-энемди багып айылда каласың, мен шаарга келем”,- деди.

— Сен ошон үчүн көңүлүң жок жүрдүбү?

— Ооба, ата. Туугандарга кабар кетип, мал алынып калды. Анан кантип тойду токтотом, силерди уят болбосун дегем.

— Кызым, сенин бактың элдин сөзсүнөн, кара жылкынын этинен бийик турат. Кичинеңден билимге умтулган жан элең. Кантип ал умтулуңду курмандыккка чалайын дедиң. Жок кызым, сен али жашсың. Эгер турмушка чыкпайм десең мен сенин тандооңду колдойм. Атаң, ар дайым сен тарапта. Жаңылбасак туура эмес экенин кантип билмек элек. Жаңылып, мүдүрүлүп жүрүп бутубузга турабыз. Сөзсүз кыялыңдагы мырзага жолугасың. Кайра сүйүн да, жылкы менен койдун өмүрүн сактап калдың.

— Ата, рахмат. Мага ушул сөзүңүз керек болчу.

Экөө кучакташып күлүп отурду. Акырын ордума барып жатып алдым. Бир аздан кийин атам келип бетимден өөп, “шпион, укта, эртең экзамениң бар”,-деди.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

«Мачо» жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Биринчи сүйүүм мендей таппаганын айтып ыйлайт. Алгачкы сүйүү жөнүндө окуялар

Биринчи сүйүүм мендей таппаганын айтып ыйлайт. Алгачкы сүйүү жөнүндө окуялар

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.