AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Атам биз кеткенден кийин апам экөө эмне кыларын айтып оозубузду ачты

Атам биз кеткенден кийин апам экөө эмне кыларын айтып оозубузду ачты

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Свет өчүп калды. Телефондорубузда дагы заряд жок. Демейде, ар бирөөбүз ар башка бөлмөдө телефон чукулап жатчу элек. Минтип дарбыз жегенди шылтоолоп баарыбыз бир жерге чогулуп калдык. Баарыбыз дегенде байкем, мен, сиңдим анан атам менен апам. 

Атам менен апам көп иштейт. Экөө сонун адам. Бирок, биздин мектепти, курстарыбызды, кийимдерибизди камсыздоо үчүн көп жумуш кылышат. Экөө үйдө болуп калганда кадимкидей сүйүнөбүз. 

Атам дарыгер. Апам сатуучу.

Сөздөн-сөз чыгып отуруп, байкемдин үйлөнүү тою жөнүндө сөз болуп кетти. Ошондо мен атама мындай дедим. 

— Ата, байкем үйлөнүп балалуу болсо, небере карап отурасызбы?

— Жок ай кызым, өз баласын өзү багат.

— Менин досторумдун чоң аталары неберсин карап отурушат экен.

— А мен антпейм.

Ушул жерден байкем кошула калды. Эмнеге небересинен качып жатканын айтты. 

— Балам, өз балаңарды өзүңөр багасыңар. 

— Ата, карыганда сизди биз багууга милдеттүүбүз да, туурабы?

— Жок балам, милдетүү эмессиңер. Кааласаңар жардам бергиле, болбосо жок. Апаң экөөбүз силерди бизди баксын деп чоңойтуп жаткан жокпуз. Ар бирөөңөрдүн өз жашооңор болот. Биз кийлигишпейбиз. Биздин милдет силерге татыктуу билим, тарбяи берүү, колдоо, калганын өзүңө алып кетесиңер. Силер эч кимге милдетүү эмессиңер.

Баарыбыз унчукпай отуруп калдык. Анан мен сурадым.

— Ошондо биз бой жеткенде үйдөн кетет экенбиз да.

— Ооба кызым, жүрө бермек белеңер, эл көрүп, жер көрүп ар жакка кетесиңер. 

— Апам экөөң эмне кыласыз?

— Кайрадан таанышабыз. Силерди багабыз деп бири-бирибизге убакыт бөлө элекпиз. Бой жетип алсаңар биз кайра кыз-жигит болобуз. Сейилдеп бак аралап басабыз. Мен апаңарга гүл берем. Анан кино көргөнү барабыз. Балдар эмне болду, курсагы токпу, ден соолугу жакшыбы деп ойлонбойбуз. Жаңыдан экөөбүз жашаганга үйрөнөбүз. Билесиңерби, апаңар экөөбүз көптөн бери жалгыз боло элекпиз. Биздин сүйлөшкөнүбүз силердин келечек, ден соолук, жумуш, акча… Бул нерселер адамды чарчатып жиберет. Жок, дегенде карыганда экөөбүз чогуу бололу. 

Баарыбыз унчукпай калдык. Апамы карасам атамы жылуу көздөрү менен карап туруптур. Көздөрүндө башкача сүйүү бар эле. Экөөнө болгон көз карашым башка нукка бурулду. Мен аларды аядым. Ошол эле кезде атам менен сыймыктандым. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Абысыным менен кайын энемдин сүйүктүү көйнөгүн күйгүзгөн күн эстен кетпейт

Абысыным менен кайын энемдин сүйүктүү көйнөгүн күйгүзгөн күн эстен кетпейт

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.