Саламатсызбы! Жашым 25те, эл катары чет өлкөдө иштейм. Кудайга шүгүр жашообуз жакшы. Билгим келген нерсе, бул «теңирчи» деген түшүнүк боюнча.
Сүйлөшүп жүргөн жигитим бар, турмуш куруу боюнча пландап жатабыз.
Жакында эле угуп калдым, анын ата-энеси отко, мал-жандыкка, ташка сыйынат экен деп.
Бирок жигитим менен сүйлөшкөндө жөнөкөй эле адамдардай болуп сүйлөшөбүз, сөздөрүнөн теңирчилик боюнча эч нерсе байкалбайт. Билгим келген нерсе жигитимдин ата-энеси теңирчи, өзү андай жолдо эмес болсо, турмуш курсак кийинки жашообуз кандай болот? Бирок жигитим менен ушунча убакыт сүйлөшүп аны да кыя албай кыйын абалда турам.







