AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Ата-энемдин урушунан нервим калбай калды. Эксперт кеңеш берет

Ата-энемдин урушунан нервим калбай калды. Эксперт кеңеш берет

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.3k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Атам ичсе да ичпесе апам менен айтыша берет. Менден кичүү иним күндө көчөгө чыгып кетет, 2 жаштагы карындашым бар. Мына азыр да урушуп олтурушат. Мен барган сайын нервный болуп баратам. Кеңеш бериңизчи, эмне кылышым керек?  

Гүлмира Молдокулова

Психолог

Бала үчүн “ата” деген бул эң күчтүү, акылдуу, ишеничтүү киши. Балдар чоңойгондо атасына окшош болгусу келет. Бирок бардык эле аталар балдарына үлгу боло албайт. Ичкен ата, мас болуп алып эмне кылганын, кандай жаман иш жасаганын түшүнбөйт. Мындан сырткары аялын, балдарын урат. Муну түшүнгөнгө кыйын жана бул абалга макул болуу оор. Бир караганда, бул абалдан чыгуунун жолу жоктой сезилет. Эмне кылыш керектигин билбейсиң. Апаңды, бир туугандарыңды, өзүңдү ойлоно берип башың ооруп кыйналасың, ушул көйгөй менен жалгыз калгандай сезилет. 

Эмне кылуу керек? Биринчиден тынчтанып, кандай иш-аракеттерди жасасам болот деп ойлонуп көр. Экинчиден туугандардын арасынан, үй-бүлөнүн досторунан кимге бул көйгөйдү айтсам болот, атама кимдин сөзү өтөт деп изилдеп көр. Башкалардан жардам сурагандан уялба.

Атаң соо болуп турган кезинде олуттуу сүйлөш. Экөөнүн ортосундагы чыр чатактар сага жана бир туугандарыңа терс таасирин тийгизип жатканын айт. 

Бугуң толуп ыйлагың келсе, бул нормалдуу көрүнүш. Эмоцияларыңдын бардыгын сыртка чыгарып сал, ичиңе топтобо. 

Карлыгаш Акимкулова

Психотерапевт

Тилекке каршы сен эч нерсе кыла албайсың. Ата-энеңдин күндө чыр-чатак салганы абдан өкүнүчтүү. Алардын сенин кыйналып жатканыңды байкабай турганы да кейитет.

Демек, эртелеп жетилишиң керек

Сен бир туугандарың үчүн жооптусуң, аларга кам көр. Ата-энең урушуп жатканда биринчи кезекте, өзүңдүн жана иниң менен карындашыңдын коопсуздугу жөнүндө ойлон. Мүмкүнчүлүк болсо, үйдөн кетип калгыла. 

Өзүңө болгон ишенимди жоготпо

Эч убакта башыңды жерге салып, чүнчүп кетпе.  Үй-бүлөдөгү уруштар сенин жеке жашооңо, кызыгууларыңа таасирин тийгизбеши керек.  Мындай кыйынчылыктарды баштан кечиргендер көп. Сунын учурдагы негизги максатың, жакшы окуу жана билим алуу. Бардык күч аракетиңди ошого жумша. Билимдүү жана күчтүү болсоң көптөгөн ийгиликтерге жетесиң. Иниң менен карындашың үчүн үлгү бол. Чоңойгондо ата-энеңдин катачылыктарын кетирбегенге аракет кыл.

Эсиңде болсун, ата-энеңдин урушуп жатканында сенин күнөөң жок! Аларга ачууланба жана таарынба. Билем, бул абдан оор. Бирок сен күчтүүсүң. Бардык кыйынчылыктарды жеңип чыгып, чоң ийгиликтерге жетээриңе ар дайым ишен!

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Жаңы жылдык тасмалар

Жаңы жылдык тасмалар

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.