Саламатсызбы! Мен 19 жаштамын, бактылуу үй-бүлөм бар, окуйм, иштейм. Жашоомдо болуп жаткан баарына ыраазымын. Бир гана нерсе… Ушулардын баарын жоготуп алуудан корком. Менде психологиялык травма бар окшойт, мектепте окуп жүргөнүмдө классташтарымдын ата-энелери каза болуп калган. Бул мага абдан катуу таасир этти, күн сайын мен да качандыр бир күнү аларды жоготуп алам деп ойлой берем. Алардын бырыштарын, бир жери ооруп жатканын көргөн сайын өзүмдү жаман сезип, ыйлайм, мындан башка жөнүндө ойлоно албай калам. Ооба, мунун баары боло турган нерсе, бирок мен дагы деле корком. Анткени биздин бюджетибиз аз болгондуктан, ата-энем дүйнөнү көргөнгө жетишпей калабы деп ыйлайм. Мен алардын саякаттап, дүйнө таанып, ар кайсы өлкөгө учушун каалайм. Самолетко отуруу кыялдары ишке ашса дейм. Бирок, азырынча мынча акча таба албайм. Менде танатофобия бар деп ойлойм. Сураныч, мага ушул ойлордон арылууга жардам бериңизчи. Ай сайын мен стресс болом.
Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары
31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...







