
Ата-энем сүйлөшүп жүргөн кызыма үйлөнүшүмө каршы болуп жатышат. Мен үйдөгү жалгыз уулмун. Сүйлөшкөн кызым жөнүндө ушак сөздөр көп айтылат, ооба, анын жарымы чындык. Жаңылбаган киши болбойт да. Болгону аны туура эмес тарбиялашкан, ыйманы жетишсиз, мен бардыгын өз колума алып, оңдогонго даярмын. Бирок атам менен апам такыр эле болбой коюшту. Эмне кылыш керек?







