AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Ата-энем мугалим же медик бол

Ата-энем мугалим же медик бол, деп мажбурлаган. Кыздар кантип кесип тандайт?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Ширин журналистика факультетин аяктаган. Бирок, анын окуучу кездеги кыялы волейбол оюнчусу болуу болчу. Ал чоң мелдештерде волейбол ойноп, машыктыруучу болуп, өзүнө окшогон оюнчуларды тарбиялоону каалаган. Төрт жыл мектептин волейбол командасынын алдыңкы оюнчуларынан болгон. Район, облус аралык спартакиадаларга катышкан. Мектепти аяктаганда Шириндин ата-энеси анын тандоосун колдогон эмес.

 “Алар мугалим же медик бол, деп мажбурлашкан. Менин бул эки кесиптин ээси болоорума көзүм жетпей, журналистиканы тандап алгам. Учурда бош убакытымды волейбол ойноого коротом. Ата-энем волейбол оюнчусу болсоң, күйөөгө тийбей каласың. Спорт сени эркектей кылып коет, эркекке окшош кызды эч ким албайт, деген”,- дейт Ширин (аты өзгөртүлдү).

Kaktus.media жана Bilesinbi.kg  редакциялары Кыргызстандагы кыздар менен аялдардын укуктары боюнча бир катар материалдарды даярдоодо. Бул макалада кыздардын кесип тандоо укугу кандайча чектелгендиги жөнүндө сөз болот.

Кыз, сөзсүз түрдө гуманитардык кесип тандоосу керек эмес

Гендер боюнча адис Римма Султанованын айтымында, ата-эне жана мектеп бала кичинекей кезинде эле социалдык нормага ылайык болгон багыттарды тандоого үндөшөт. Кыз баланы тыкан жана тырышчаак болууга милдеттендирет, анткени ал келечекте мугалим, дарыгер же тигүүчү болушуна даярдашат.

«Биздин коомдо төрөлгөндөн баштап эле балдарга гендердик стереотиптер таңууланат. Эркек балага сен космонавт, инженер, полиция кызматкерлери ж.б.у.с. болушуң керек десе, кыз балага, тескерисинче, гуманитардык чөйрөдөн адистиктерди сунушташат. Эгер кыз механикалык инженерия бөлүмүн тандаса, ата-энеси “эл эмне дейт?”, деп чоочулайт.  Эгер ушул эле кесипти эркек бала тандаса, мындай шек саноолор болбойт эле», — дейт Султанова.

Социалдык нормалардын жана ата-энелердин таасиринен улам, кыздар техникалык адистикти тандагандан коркушат жана көпчүлүк учурда мындай кадамга бара алышпайт.

Гендердик адис мындай бөлүштүрүү балдарга гана зыян келтирип, аларга ички дүйнөсүн түшүнүп, өзүн табууга тоскоолдук жаратат, деп айтат: «Ар кимдин өз жөндөмү, каалоосу жана шыгы бар. Ата-энелер баласынын кыз же эркек болгонуна эмес, жөндөмүнө көңүл бурушу керек”.

Гендер боюнча адис Римма Султанованын пикири боюнча, гендердик стереотиптерден улам, кыздар үйдү жана баланы багууга жетише турган адистиктерди тандап алууга аргасыз болушат. Ошондуктан, мугалимдердин, дарыгерлердин жана тигүүчүлөрдүн көбү кыз-келиндер.

Кыздар келечектеги жөн гана жубай эмес

«Кыздарга бала кезинен баштап жашоонун негизги максаты үй-бүлө куруу жана балалуу болуу деп үйрөтүлөт. Мындай стереотиптерден улам, кыздар университетке таптакыр тапшырбай же окуусун аягына чыкпай калышат. Анткени эрте турмушка чыгып, эрте балалуу болушат. Профессионалдык өнүгүү жана өзүн-өзү өнүктүрүү жашоодогу эң негизги максат эмес, деген ой таңууланып, үй-бүлөнү биринчи орунга коюуга үндөшөт. Ушундай кысымдан улам кыздар сүйүктүү кесибин тандабай, үй-бүлөлүк жашоону жана энелик милдетти бирдей алып кетүүгө оңой болгон кесипти тандоого аргасыз», — дейт психолог Мария Самсонова.

«Бирок, азыркы коомдо, күйөөсү өмүрүнүн аягына чейин үй-бүлөсүн багат деген кепилдик жок. Андыктан аял өзүнө жаккан жана келечекте киреше алып келе турган кесипти тандаганга аракет кылышы керек», — дейт психолог.

«Кесип тандоодо жаш өспүрүмдөргө кысым көрсөтпөңүз. Алардын оюн угуп, өзүңүздүн сунушту айтыңыз, бирок баланча кесипти танда деп мажбурлабаңыз. Ата-энесинин айтканы менен болуп, кесип тандаган студенттердин арасында мыкты адис болгондор сейрек кездешет. Анткени аларда окууга болгон мотивация жок. Эркек бала да, кыз бала да келечектеги кесибин өз алдынча аныктап, ката кетирүүдөн коркпой, өз жолун издеши керек», — деди психолог.

Аялдарга тыюу салынган иштердин тизмеси

«Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 218 жана 303-беренелерине ылайык, аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынган, зыяндуу жана (же) эмгек шарттары оор тармактардын, жумуштардын, кесиптердин жана кызмат орундарынын тизмеси бар», — дейт юрист Нурислам Райымжанов.

Юристтин айтымында, бул тизме аялдардын укугун тебелөөгө эмес,  ден-соолугун сактоого багытталган.

«Кыздар, уруксат берилген кесиптердин арасынан каалаган кесибин тандоого толук укуктуу. Бирок бул тандоо үй-бүлөдөн көз каранды, анткени ата-энелер окуу акысын төлөп беришет. Каржылык жана психологиялык жактан көз каранды болгондуктан, ата-энелердин сунушуна каршы чыгууга батына алышпайт», — деп эсептейт юрист.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Күйөөм мени кокустан түртүп алып кайын энемден токмок жеген

Күйөөм мени кокустан түртүп алып кайын энемден токмок жеген

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.