Саламатсызбы. Менин ата-энем коңшу өлкөдө эмгектенишет. Кичине кезимен бери эки байкем менен таежемдин колундабыз. Ата-энебиз жумасына бир келип турушат.
Эмнегедир таежем байкелеримди көбүрөөк жакшы көрөт. Жини келгенде мени себепсиз эле уруп салчу. Сабакка кечигип жатсам, үйдү жыйнап кет, деп мектептен алып калаар эле. Сабакка көп барбагандыктан жетишкендигим да төмөндөп кеткен.
Апама даттансам, “кичине бала оозуна келгенди оттой берет” – деп таежем айтчу.
Байкелерим мага жардам бергендин ордуна, “мээң иштебейт” деп шылдыңдашчу. Азыркыга чейин апама “кызыңыз көк бет” деп арыздана беришет. Мен байкелеримди айтсам, апам “эч нерсе болбойт, байкең да” деп коет.
Азыр 18ге чыктым. Мурун көп маани берчү эмес элем, азыр мындай сөздөр капа кылат. Ойлоно берип депрессияга түшүп кетмей болдум. Апамдын мээримине зар болуп чоңойдум, аны менен курбу катары сырдаша албайм. Ал мага барын алып берет, бирок экөөбүздүн ортобузда жакындык жок.
Эмнеге башка үй-бүлөдө төрөлүп калбадым экен, деп күндө ыйлайм. Кеңеш бергилечи эмне кылсам болот?







