AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Ата-энем билим алууга уруксат бербей жатышат. Психолог кеңеш берет

Ата-энем билим алууга уруксат бербей жатышат. Психолог кеңеш берет

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Акыркы алты жылдан бери ата-энемдин иштери жүрүшпөй, жоктун айынан көп урушуп, эки-үч жыл ажырашып, чогуу жашабай да жүрүштү. Үй-бүлөдө эки кыз болчубуз, эки жыл мурун, апам менен атам кайра табышып, апам уул төрөдү.  Мен тогузунчу классты бүтүп, окуган жокмун. Ата-энемдин кыйналганын көрүп жардам бергим келди. Так бир жыл тигүүчү болуп иштедим.

Тапкан акчам атамдын айлыгынан көбүрөөк болчу. Апам үйдө бала карап, сиңдим мектепте окуп, атам таң аткандан түшкө чейин жумушта болуп, түштөн кийин үйдө уктайт. Мен башка шаарда иштеп жүрдүм. Бирок бир жылдан кийин мени апам чакыртып, «жаныбызда эле болгонуң жакшы, иштебей эле кой, бул жактан деле эптейбиз» деп, базарга чыгып алды. Мен келгенде, атам иштебей эле үйдө жаткан экен. Азыр апам менен базарда иштеп, жардам берип жүрөм. Атам үйдө бала карайт, беш убак намаз окуган адам болуп, ар намазын мечитте окуйт. Мен ал убакта үйгө келип, бөбөгүмдү карап турам. Сиңдим таенемдин үйүндө жашайт. Атамдын жумуш караштырып, иштейин деген ою да жок. Базарда соода кээде болуп калат, кээде болбойт экен, тапкан акчанын 20% гана пайда. 

Мектепте ар дайым биринчи болуп, алдыңкы окуучу элем. Аябай окугум келет. Окубай калдым, жок дегенде курстарга жазылып, тил үйрөнөйүн десем, ата-энем каршы болуп, каражатыбыз жок деп коюшту. Мектептеги мугалимдерим, классташтарым «Сен кайсыл жерде окуп жатасын? Эмне үчүн бизден кетип калдың?» деген суроону көп беришет, мен абдан намыстанам. Жаңы тааныш пайда болсо да, канча жаштамын, кайсыл жерде окуганым кызык болот экен. Эмне деп жооп береримди да билбейм. Кыйналып кеттим. Эмне кылсам болот?

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бир жыл ичинде 7157 жуп ажырашты

Жыныс мүчөнү өстүрүүчү каражаттар: кандайдыр бир пайдасы барбы

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.