Мен 23 жаштамын. Ажырашкам, азыр ата-энемдин үйүндө турам. Мени ойлондурганы, ата-энем мени 15 жаштагы өспүрүмдөй көрүп, ошондой мамиле кылганы. Баскан турганымды, жеген тамагымды, жада калса дем алганымдан өйдо контролдоп турушат.
Бир максатты көздөп, аны ишке ашырайын десем эле, аны кылба, муну жасаба, деп тыйып турушат. Эч жака жиберишпейт. Досторум менен жолугушуп келейин десем, каршы чыгышат, жиберишсе, улам-улам телефон чалып турушат. Коркуп отуруп үйгө барам. Алардын айтканы менен болом, өз эрким менен эч нерсе кыла албайм.
Ажырашып кеткенден кийин стресс болдум, депрессияга түштүм. Күйөөгө тийгим келчү эмес. Бирок адамдардын мамилеси өзгөрүп, ойлору бузулат экен. Кайра эле күйөөгө чыгып кетсемби, деп да ойлонуп калдым. Бул оюма ата-энем так секирип, каршы чыгышты.
Менин күндө уга турган сөзүм, “сенден пайда жок”. Ишеничтен чыккыдай деле эч нерсе кылган жокмун. Канткенде, алардын жүрөгүн тынчытып, мага болгон ишеничтерин арттыра алам?







