AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Ата-энеге жармашпай өз алдынча оокат кылса болобу? Сепарация тууралуу түшүнүк

Ата-энеге жармашпай өз алдынча оокат кылса болобу? Сепарация тууралуу түшүнүк

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Сепарация – бул чоңдордун жашоосуна кирүү, ата-энеңен бөлүнүп өз алдынчалыкка үйрөнүү. Ата-энеден бөлүнүүнүн эмне кереги бар? Бул тууралуу психолог Эльвира Чокоева айтып берди.

— Ата-энесинен бөлүнбөгөн киши өз алдынча чечим кабыл алып, жоопкерчиликти мойнуна ала албайт. Ар дайым, колдоп, коштоп турууга муктаж. Мындай адамдар жеке инсан катары да, жумушундагы адис катары да жай өнүгөт.

Адам баласы жашоосунда 4 ирет психологиялык бөлүнүүдөн өтөт:

  1. Бир жашка чейин – бала өз алдынча кыймылдап, колуна бир нерселерди алып, көздөгөн жагына барганды үйрөнөт. “Мен” деген түшүнүгү калыптанат.
  2. Үч жаштын кризиси – бала өзүн энесинен ажыратып, экөө эки башка инсан экенин түшүнүп, индивидуалдуу адам экенин аныктайт.
  3. Пубертаттык мезгил – өспүрүм курак эң көйгөйлүү болуп саналат. Ал мезгилде бала ата-энесинин айткандарына сын менен карап, алардын пикирин, оюн, акылын баалабайт. Мындай жүрүм-турум таарынычтарга, чыр-чатактарга алып келет.
  4. Жетилүү – чоңдордун жашоосуна киришүү башталат.

Баланын ата-энеден сепарация болушуна, башкача айтканда психологиялык жактан бөлүнүшүнө ата-энеси жооптуу. Бала кезинен тартып “мен” деген өз алдынчалыгын көрсөтүүгө жана аны кабыл алууга үйрөтүп, ар дайым тандоо бар экенин түшүндүрүп, өз жашооуна жоопкерчиликтүү мамиле кылууга тарбиялоо керек. Канат жайып алыска учуу үчүн уядан түртүп чыгаруу зарыл.

Психологиялык болүнүүнүн 4 түру бар:

  • Эмоционалдык сепарация – бул ата-энеңдин эмес, өзүңдүн каалооңо, пикириңе, керектөөңө жараша чечим кабыл алуу.
  • Баалуулук сепарациясы – бул ата-энеңдикинен кескин айырмаланып турса дагы, өзүңдүн дүйнөнү кабыл алууңду коргоп жактай билүү.
  • Функционалдык сепарация – ата-энеңе үмүт артпай, өзүңдү-өзүң бардык жактан тейлөө жана камсыздоо. Тиричилик маселелериңди чечүү, жеке бюджетиңди көзөмөлдөө.
  • Конфликтик сепарация – бул ата-энең менен пикириң келишпесе конфликтке баруу.

Ата-энеңизден психологиялык жактан бөлүнө элек экениңизди кантип түшүнсө болот?

  • Өз алдынча чечим чыгара албайсыз, ошондуктан жоопкерчиликти башкаларга оодара саласыз.
  • Башкалардын, өзгөчө ата-энеңиздин мактоосуна, колдоосуна муктажсыз. Өзүңүзгө жагып турса дагы алар туура көрбөгөн нерседен баш тартууга даярсыз.
  • Жакындарыңыз сизге кам көрүүгө милдеттүү деген пикирдесиз.
  • Жакындарыңыз айттырбай эле сизге эмне керек экенин билип-түшүнүп туруусун талап кыласыз.
  • Бардык учурларда ата-энеңизге таянасыз: “ата-энемен алып турам”, “ата-энемен сурап турам”, “азыр корото берем, кийин керек болсо ата-энемен карызга алам”.

Жашоодон алынган мисал

35 жаштагы үй-бүлөлү мырзаны элестетиңиз. Бирок ар-дайым апасынын айтканын аткарат, каршы-пикир билдирбейт. Өзү каалайбай турса да апасынын көңүлүн алуу үчүн ошол ишке барат.

Ошондой эле мамилени автоматтык түрдө жубайынан да күтөт. Үй жыйноо, тамак жасоо, кир жууп балдарга кам көрүү жана тарбиялоо милдеттери толугу менен келинчегине тиешелүү, деп эсептейт. Анын бактылуу же бактысыз экенин билбейт дагы, себеби сурабайт.

Же эрки жок инфантилдүү аялды элестетиңиз. Мындай аялдар апасына ушунчалык жакын болушат, өзүн өз алдынча инсан катары кабыл ала албайт. Апасынын адаттарын, мүнөзүн, жашоого болгон көз карашын, принциптерин, жүрүм-турумун жада калса жашоосунун сценарийин толугу менен кайталайт.

Алар чыныгы курбулар, сырдаштар. Бири дагы өз алдынча жашай албайт. Энеси кызын али кичинекей көрөт, кызы чоңойгонго деле шашылбайт. Өмүр бою жоопкерчиликсиз бойдон калат. Жоопкерчиликти башкаларга арта салуу ыңгайлуу да.

Эмне кылуу керек?

  1. Эч ким эч кимге эч нерсе милдеттүү эмес — ата-энеңиз сизге, сиз ата-энеңизге. Алардын жардам берүүсүн күтпөңүз жана талап кылбаңыз. Ата-эне күткөндөй эмес, өзүңүз каалагандай жашай турганыңызды түшүндүрүңүз.
  2. Өзүңүздүн жашоо үчүн жоопкерчиликти алыңыз. Жашоосунда ийгиликке умтулган адам өзү үчүн бардык тармакта жооптуу. Тиричиликтен тартып, жумуштагы милдеттерине чейин. Ата-эне тамак жасап берүүгө, үйүңду жыйнап берүүгө, акчалай жардам берүүгө, чечим кабыл алууга жардам берүүгө милдеттүү эмес.
  3. Жеке аймак – зарыл. Атаңызга же апаңызга жеке аймагыңызга кирүүгө уруксат бербеңиз. Ата-энеңиз менен талкуулабай турган темаларды аныктап алыңыз. “Менин жумушум, менин келинчегим/күйөөм, менин кийинүү стилим” ж.б. менин жеке ишим. Менин комфорттуу зонам. Аларга сын пикир айтышыңызды каалабайм.
  4. Провакацияларга алдырбаңыз. Айрым ата-энелер балдарын эмоционалдык шантажга алышат. Баланын өзүн-өзү кунөлөө сезимине басым кылып, ооруп калышы мүмкүн. Алар ошону менен балдарын жанынан чыгаргысы келишпейт.
  5. Ыраазычылык билдирүү, достук мамиле, мээримдүүлүк – бул ата-эне менен баланын ортосундагы мамиленин пайдубалы.

Өмүр бою кичинекей бала болуу туура эмес, бирок сиз өмүр бою ата-энеңиздин уул же кызы бойдон каласыз.

Үй-бүлөдөгү мамилелер жылуу, ынтымактуу, жайдары болууга тийиш. Ата-энеңиз сиздин инсан катары калыптанышыңызга кошкон салымы үчүн ыразычылык билдирип туруңуз.  

Ата-эненин башкы максаты — баланы келечектеги жашоого даярдоо.

Баланын башкы максаты — өз маалында уядан учуп чыгуу, бирок эч качан ата-энени унутпоо.

Эльвира менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Биринчи нике түндөн корккон жигиттерге кеңеш

Биринчи нике түндөн корккон жигиттерге кеңеш

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.