AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Ата

Ата, апа, эшек деп көп тилдечүңөр эле, эшек болуп чоңойдум

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

“Эшек!”, “Кебетең кантет, чочко!”, “Ары турчу, колуңан бок да келбейт!”, “Айтканды укпайсыңбы, сөзгө аралашпай жөн тур” ж.б. Бул сөздөрдү бир күндө миң жолу укчумун. Ата-энем турса да, мээримге зар болуп чоңойдум. Алар мени эркелетип, жакшы көрөрүн айтышчу эмес.

Кичинемде көз жашымдын баарын төгүп койгон окшойм, азыр ыйлай да албайм.

Кокустан чыны сындырсам же тамак төксөм, дароо бекиткенге шашчумун. Байкалбай калсам, кудай сактады, болбосо токмок жечүмүн. Бара-бара жалган сүйлөчү болдум. Атайылап эмес, алардан коркконум үчүн калп айтчумун.

Атам менен апам эшек десе, чындап эле эшек окшоймун деген ой келээр эле.  Классташтарымдын арасында басынып, оюмду ачык айта албай, сабакты билип турсам да жооп бербей, доскага чыккандан уялчумун. Ар дайым муңайып жүргөндүктөн досторум да жок болчу. Эч ким мени менен сүйлөшпөчү.

Досторум ата-энесине эркелеп жатканын көрүп ызааланчумун. Менин алардан эмнем кем деген суроом жоопсуз калчу. 

Бой жеттим. Студент болдум. Дагы эле баягыдай өз оюмду ачык айта албайм. Элдерден жалтактап турам. Көздөрүнө тике карай албайм.

Эстесем, ата-энем бир да кылган ишиме ыраазы болуп, сен мыктысың, кийин чоң адам болосуң деп айтышпаптыр. 

Бир күнү университетке психолог келип тренинг өттү. Ошондон кийин мен нормалдуу эмес экенимди билдим. Көрсө өзүмө болгон ишенбестиктин түбү тээ бала чагымда жатыптыр. Көп уруш жеп жүрүп жалтак болуп чоңоюп калыпмын.

Ата, апа, мени багып чоңойтконуңар үчүн чоң рахмат, бирок, эшек деп көп айтчу элеңер, эшек болдум. 

Ата-энемди баары бир жакшы көрөм. Айыптабайм. Балким, аларды да жаш кезинде ата-энеси ошентип урушкандыр. Бирок, мен эч качан баламдын өзүмө окшош болушун каалабайм.

Учурда психологго барып жатам. Жылыш бар. Курсташтарым өзгөрүп баратканымды айтышат. 

 

Балаңызды “эшек”  десеңиз, эшек болот

Балдарга таалим-тарбия берүүдө үй-бүлөнүн ролу чоң. Үй-бүлөдөн алган тарбия адамда өмүр бою сакталат. Баланы туура тарбиялоо тууралуу Балдарды коргоо борборунун психологу Таалай Жакыпов ой бөлүштү.

Балдарга тыюу салган болбойт

10-11 жашка чейин эне менен баланын ортосунда тыгыз байланыш болот. Энеде эмне гана болбосун, анын баарын бала сезет, кабыл алат. Ата-эненин оозунан чыккан сөз же каргыш, же ак бата болот.

“Колуңан эч нерсе келбейт”, “Эшек» «Чочко” деп катуу айтып тилдөө балага гипноз сыяктуу “сен ошондой бол” дегенге жатат.

Баланы кантип таңабыз?

  • “Эмнеге ал жакты карап жатасың, түз бас” — көзүн таңдык,
  • “Сүйлөбөй отур” — оозун жаптык,
  • “Айтканды укпайсыңбы, сөзгө аралашпай жөн тур” — кулагын жаптык,
  • “Ыйлаба” — сезимдерин таңдык.

Мындай мамилебиз менен баланы катуу ороп коёбуз. Тыюу салуулардан алыс болуп, ата-эне оозуна караш керек. Айткан сөзүнө маани берип жүрбөсө ошонун баары балага таасир берет. “Сенин колуңан эч нерсе келбейт” десек, бала “менин колуман эч нерсе келбейт турбайбы” дейт. “Менин балам татынакай, тарбиялуу, ыймандуу” деп айтсак, балада “мен сулуумун, акылдуумун” деген ой пайда болот.

Эң негизгиси балага көңүл буруп, мээрим төккөндү үйрөнөлү. Мээримди көз, сөз жана дене менен беребиз. Аалам ага душман эмес, дос экинин билдирүү керек. Биз канчалык кучактап, бетинен өөп, “мен сени жакшы көрөм” деп айтсак, бала ошончолук айлана-чөйрөнү кабыл алып, бактылуу болуп чоңойот.

Дагы кызыктуу материалдарды бул жактан окусаңыз болот:

Кыздарды тарбиялаган энелер кетирген 5 жаңылыштык

Эркек баланы тарбиялоодо ата-энелер кетирген 5 жанылыштык

Баланы ыйлаба деп тыйган болбойт! Мындан тышкары болбой турган дагы 10 тыюу

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кайын атам мага көйнөк алып бергенди жакшы көрчү

Кайын атам мага көйнөк алып бергенди жакшы көрчү

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.