AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Ат үстүндө 4 саат жүрүп

Ат үстүндө 4 саат жүрүп, балам өлүк төрөлдү. Күйөөсүнөн азап көргөн аялдын баяны

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Реадкциябызга келип түшкөн Миргүл (аты өзгөртүлдү) айымдын катында, кайын журтунан көргөн азаптары тууралуу айтылат. 

Кайын энем жайлоодон төрөтөм деди

Силер менен өз башымдан өткөн окуяны бөлүшкүм келди.  

2005-жылы мектепти аяктадым. Шартка  байланыштуу окууга тапшыра албай калдым. Бул менин эң чоң арманым.

Артыман бир жигит ээрчип жүрчү. Дос катары сүйлөшүм койчумун. Кийин мени ала качып кетти. Алып кеткени ата-энем келди. Ызы-чуу болуп акыры мени таштап кетишти. Шок абалында элем. Эмне болгонун түшүнбөй калдым.

Ошентип, келиндик доор башталды. Күйөөм күн сайын, “ата-энең бизди теңине албай кууп келген” — деп, күн сайын кулак-мээни жейт.

Көп өтпөй боюма бүттү. Үйдөгү түйшүктүн баарын мага жүктөп коюшкан, мал да карайм. Суу кетип баштады. Көңүл бурбай, прокладка коюп жүрө бердим. Кечинде тура албай жатып калдым. Кайын журтум жаман көрүп, бейтапканага алып барышты. Суум кургап калыптыр, ийне сайып жатып төрөтүштү. Кыз төрөдүм.

Үйгө чыгып келсем, баары мени жаман көрүп карашат. Өлгүм келди, кызымды аядым.

Көп өтпөй дагы кош бойлуу экенимди билдим. Жайлоодо элек. Толгоом башталды. Кайын энем, “илгери жайлоодо эле төрөгөнбүз, өзүм төрөтүп алам”,-деп жибербейт. Күйөөм бейтапканага алып барчы десем эле ызырынат. Акыры кайын атам кийлигишип жатып, мени алып жөнөштү.

Күйөөм атка учкаштырып алды. Бир нерсе дегенден коркуп, унчукпай кете бердим. 4 саат жол жүрдүк. 10 күндөн кийин балам өлүк төрөлдү. 9 ай көтөрүп, колума алалбай калганыма буулугуп ыйладым.

Үйдөн кетип калдым. Уруп-сабап кайра алып келди. Жанымды кыйам деп, колума тийген даарынын баарын ичип алдым. Эсимди жоготуп коюпмун. Бир жума үйдөн чыгарбай, эч кимге көрсөтпөй карашыптыр.

Күндөр өтүп жатты. Кайра качып чыктым. Күйөөм артыман барып таап алып, бычыктап, «өлтүрүп коем» — деп коркутту. Сотко кайрылып жатып акыры ажыраштык.

Азыр жашоом жакшы. Кудайга шүгүр, 4 балам бар. Болгону, кызым өз атасын көрбөй чоңоюп жатканы өкүндүрөт. Атасы бир да жолу кабар алып келбеди. Кызым, “эмнеге мени тааныбайт”,-деп сурайт. Эмне деп айтам? Көргөн азаптарымдыбы? Же өзүмдүн чыдабай кетип калганымды айтамбы? Иши кылып күнө кимде экенин да билбем. 

Адис кеңеш берет

Эльвира Чокоева, психолог

Саламатсызбы! Башыңыздан Көп кыйынчылыктар өтүптүр. Сизге аябай боорум ооруп жатат. Сиздин окуяңыз татаал экен, жакшысы ажырашып, жаңы жашоо баштапсыз. 

Катыңызды окуп чыккандан кийин, ажырашканыңызга карабастан, эски мамилеңизде калып калганыңыз сезилип турат. Ден соолугуңуз жана балдарыңыз  үчүн, күйөөңүз жана анын үй-бүлөсүнө карата болгон таарынычтан кутулууну сунуштайм. Ооба, оңой эмес. Бирок, бул нерсени жасоо абдан маанилүү, себеби күйөөңүзгө болгон нааразычылык балдарыңызга да трансляцияланат. 

Күйөөңүзгө ыраазычылык катын жазып, мисалы, кызыңыз үчүн, андан кийин, балдарыңыз жок жерге барып, өрттөп салыңыз. 

Кызыңыз жана анын суроосуна токтолсок, атасынын кадыр-баркына шек келтирген жаман сөздөрдү айтпай эле коюңуз, себеби ал сөздөрүңүздөн келечекте кызыңыздын эркектерге болгон мамилеси көз каранды. «Атаң келе албайт» — деп коюу жетиштүү. 

Ошондой эле кызыңызга, башыңыздан өткөн оор турмушуңуз жөнүндө ооз ачпаңыз, жаңыдан калыптанып келе жаткан психикасын аяңыз. Болбосо, кызыңызда өмүр бою күнөө сезимин пайда кыласыз.

Билим алуу боюнча орундалбай калган кыялыңыз — шаарда турсаңыз, маникюр, татуаж, визаж боюнча курстар көп. Мындай мастерлер катардагы кызматкерлерден көп табышат. Ойлонуп көрүңүз.

Сизге бакыт каалайм!

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
3 уулдун апасы өзүнүн болочок келиндерине кат жазды

3 уулдун апасы өзүнүн болочок келиндерине кат жазды

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.