Талантуу фотограф жана «Ryu Models» моделдик агентигинин жетекчи Аскар Думанаев биздин порталда конокто болуп, сыйкырдуу дүйнөсү менен бөлүшүп, кызыктуу маек куруп берди.
Бул маектен — фотограф болуунун сырларын, кандай фотоапарат сатып алууну, адамды кантип сүрөткө тартса болоорун жана кыялыңды бизнеске айлантуу үчүн эмне керектигин биле аласыздар.
Аскар котормочу кесибине ээ болгон, бирок акыр-аягы кыздарыбыздын сулуулугун сүрөттөрүндө чагылдырган талантуу фотограф болду.







