AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Ашыктыкта эреже жок

Ашыктыкта эреже жок

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

“Сүйүүнүн көз көрбөгөн түрлөрү бар..,

Сүйүүнүн кулак укпас үндөрү бар..”

Сүйүү — көп тараптуу түшүнүк. Ата-энеге, Ата-Журтка, бир тууганга, өз ишине, жоро-жолдошторго, жасаган жумушуна, балдарга, үй-бүлөсүнө, жаратылышка, жан-жаныбарларга, жыл мезгилине жана башкага болгон сүйүүнү жашоодо кезиктиребиз. Бирок адамзаттын акылын көп ээлеген сүйүүнүн түрү, бул аял менен эркектин ортосундагы сүйүү. Мына ушул өмүрдүн өзөгүн ээлеген “сүйүү” деген эмне?-  сүйүүнүн кандай этаптары бар жана сүйүүнүн керемет күчү жөнүндө Ж.Баласагын атындагы КУУнун психология кафедрасынын доцентти Бермет Наралиева эмнелерди айтат.

Сүйүү— бул табышмактуу сыр сандык. Ал сырды ачууда, кермет күчүн таанууда сүйүү сыры эмне менен гана салыштырылган жок. Баардык салыштырууларды акылга калчап, ой элегинен өткөрө турган болсок айныгыс бир акыйкатка туш болобуз. Сүйүү жашоого түркүн түстөгү кооз боёк тартуулап, шаңдуу музыка менен коштолуп, жашообузду жаңыча мазмунга ээ кылат. Ошол үчүн адамдар бизди эргиткен, эрдиктерге шыктандырган, тоону да томкоруп жибергидей күч пайда кылуучу касиетке ээ болгон сезим туйгусун дайыма түшүнүүгө аракет жасайбыз.

Сүйүү кары жашка карабайт. Ал кайсыл куракта болбосун келе берет. Ар бир муун өз алдынча сүйүүнүн даамын татып, табышмактуу сырларын чечүүгө изденип, анын формуласын табууга аракеттенет. Турмуштук психология тастыктагандай эч бир муун өз башынан кечирген сүйүүнүн тажрыйбасын башка бир муунга кынтыксыз өтөрүп бере албайт. Ар бир муун ошол муундун сүйүүгө кабылган каарманы жеке керт башы менен сүйүүнүн табышмактуу сырларын өз башынан кечирип, турмуштун татаал, тайгак жолдорунда, тар кечүүлөрүндө өзү жолун табууга аракет жасайт.

Канча акындар ырга салбасын, ойчулдар акыл калчабасын, канчалаган илим изилдөөгө албасын сүйүүнүн даяр формуласы жок. Тиешелүү формула бекем сепил менен курчалган кырк кабат каалганын артында катылган сыр сыяктуу. Сүйүүнүн кереметин аңдап таануу үчүн ар бир адам жеке керт башы менен канчалаган кыйынчылыктарга туруштук берип, кырк кабат каалганы ачып, бийик сепилди ашып, тоскоолдуктарды жеңип өтүүсү абзел. Ошонусу менен ар бир адам сүйүүгө жекече из калтырат, баардыгы биригип тарыхый тажрыйбаны пайда кылат.

Сүйүү— бул көркөм исскуство. Ал ар бирибизден чоң жоопкерчилик менен өзүбүздү кайрадан кароого, жаңыдан калыптанууга, эрдик жаратууга, кала берсе курмандыкка да барууга болгон даярдыкты талап кылган көркөм исскуство.

Белгилүү философ Эрих Фром:

“Сүйүү бул, ар бир адам кары-жашына карабай башынан кечире турган сентименталдык сезим эмес. Сүйүүгө кабылган ар бир адам ага канааттанып, башка бирөөнү сүйүү, адамкерчилик, чечкиндүүлүк, ишеним, тартип менен коштолушу керек. Сүйүүдө беш элемент бар, алар: бере билүү, камкордук, жоопкерчилик, сыйлоо жана билим сакталышы шарт”-деп белгилейт.

Бере билгендик — бул өзүнчө чоң исскуство. Алганды эле билбестен бере да билиш керек. Андай жөндөмдүүлүк ар кимдин эле колунан келе бербейт. Сүйүүгө кабылган аял же эркек мени сүйсө, мени кадырласа, бул дүйнөдө мени күтүп, менин керек экендигиме муктаж болсо деп эңсейт. Эгерде ушул касиеттердин баары сизде болбосо, сиз аны кайдан күтмөк элеңиз. Элибизде, “эмнени эксең ошону аласың”— дешет. Сиз канчалык деңгээлде сүйгөнүңүздү күтүп алууга, камкордук көрүүгө даяр болсоңуз, сүйүү үчүн курмандыкка да өзүңүздү чабууга бара алсаңыз, ошонун баары эле өзүңүзгө кайтып келет. Бере билгендик сизде бар болсо, сиз андай сезимди алууга мүмкүнчүлүгүңүз болот.

Камкордук— адамга табигый түрдө бири-бирибизге камкордук көрүү, сыйлоо, урматтоо, сүйүү сезими берилет. Адам өмүрүнүн ар бир кадамында аны өрчүтүп, колдоп, камкордук көрүп туруусу зарыл. Гүлдү да чакага отургузуп эле тим койбостон аны күндө сугарып, бапестеп бакпасаң ал гүл соолуп калат. Эне да баланы төрөп эле таштап кетсе аны бакпаса, эмчек сүтүн берип тарбиялабаса, баланын өсүшү үчүн аяр мамиле жасабаса ал бала болбойт, (бала тапкандыкы эмес баккандыкы) энем деп эсепке албайт. Сүйүшкөндөр сүйүшүп жүргөндөгү ынтымакты, назиктикти, бирин-бири урматтоону, бири экинчисине көргөн камкордукту үйлөнгөнгө чейин гана эмес үйлөнгөндөн кийин да күн сайын бапестеп, тарбиялап, камкордук көрүп туруусу абзел жана өмүр бою сактап жүрүүбүз зарыл.

Тилекке каршы турмушта дайыма эле мындай боло бербейт. Кыз жигитин таранып, жасанып, жаркын маанай менен күткөн күндөрүн унутуп, күндөлүк көр оокаттын түйшүгү менен алектенген аял чарчаган маанай жаман халат менен тосуп алышы кадимки адатка айланып кетет. Үйлөнгөндөн кийин ал сезимди солгундатып, көңүл бурбай, маани бербей калабыз. Баш кошуу бул ийгиликтин чеги, жеңиштин туу чокусу эмес. Өмүр бою ошол тар жолдон из, тайгак кечүүдөн жол таап, күрөштө майышпастан чечилбеген түйүндү, чечпеген бойдон туш тарапка басып кетпестен, талбаган эмгек, кечиримдүүлүк менен айкөлдүктү, чыдамдуулукту бири-бирине айкалыштырып, камкордукка алып жүрүп олтуруп гана сүйүүнүн баркына жетип, чоң бакытка ээ болушубуз мүмкүн.

Жоопкерчилик- негизи эле адамдын жоопкерчиликте болуусу анын жасаган жумушуна, айткан сөзүнө, кылган ишине жооп бере ала турган мүмкүнчүлүгүн, даярдыгын көрсөтүп турган эң негизги жөндөмдүүлүгү. Жоопкрчилик деген касиеттин тереңинде бүтүндөй ал адамдын өздүк өзгөчөлүктөрүн айгинелеп турган сапаттары жатат. Кыздар– биз жигитибизди кантип сындасак болот деп кайрылып калышат. Мен анда ал жигиттин жоопкерчилигин байкап көргүлөчү деп сунуштайм. Жоопкерчиликти байкоо бир чоң эрдик жаратып, көлдү сүзүп өтүүдө эмес ал ар бир турмуштук майда элементтерден куралат, байкалат. Бекеринен “башталат турмуш майдадан, байкабайт аны майда адам” дебеген. Сүйгөн адам ал өзүнө кандай жоопкерчиликте болсо, сүйгөнүнө, жакын адамына да ошондой жоопкерчиликти сезет. Ошол үчүн биздеги жоопкерчилик сөзсүз түрдө сүйүү сезими менен жана урматтоо, сыйлоо менен коштолушу шарт.

Урматтоо, сыйлоо-эгерде сүйгөнүңдү урматтап, сыйласаң, анын анча-мынча кемчиликтерине көздү жумуп, маани деле бербей кечирип коюуга болот. Сүйүү бар бирок сый-урмат жок жерде бирин-бири башкарып, эксплуатациялап алуу мүмкүнчүлүгү өсүп кетиши мүмкүн. Качан урмат-сыйга ээ боло алабыз? Качан биз ал адамды болгон кемчиликтери, жетишкен ийгиликтери менен, ал адам өзү кандай болсо дал ошондой кабыл ала алсак, анын уникалдуу жеке индивидуалдык өзгөчөлүктөрүн аңдай алуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болсок ошондо гана ортодо урмат-сыйды пайда кыла алышыбыз мүмкүн. Мындай уникалдуу мүмкүнчүлүктү биз сүйгөн адамды жакшы билгенде, аңдап тааный алганда гана иш жүзүнө ашыра алабыз.

Таануу, билүү-сүйүү башка бир адамдын табышмактуу дүйнөсүн таанып билүүнүн бир жолу. Билүү, таанууну тереңдетип, анын түрдүү сырларын өздөштүрүүгө жол ачуучу маяк.

Сүйүү адамдарды терең жараландырып чоң эрдиктерге шыктандырат, ал сезим жан дүйнөнүн баардык булуң-бурчтарына чейин аралап, ал адамда узак убакытка жашап аны чоң өзгөртүүлөргө алып келиши керек. Ал сезимдин тереңинде алоолонгон кумар оту күйүп турат. Кумар оту адамга эмнелерди гана жасатпашы мүмкүн, адамды кандай гана аң сезимсиз аракеттерге алып барышы мүмкүн. Кыргыздарда айтылып келген сүйүүнүн көзү көр деген сөз дал ушул кумарданууга тиешелүү. Ошол көз тумандаткан кумар дүйнөсүндө көз айнекти чечип салып керектүүсүн көрүп таануу эмне деген чоң көрөгөчтүк, сыймык. Ата-бабаларыбыз акыл тереңинде калчап, “карап койсо күлдү дебе, күлүп койсо сүйдү дебе” деп бекер жеринен айткан эмес чыгаар. Ар бир эле учкундан жалын тутана бербейт. Кээ бирөөлөр турмушту зордук менен ала качып, же калыңга сатып алып курса боло берген жана болуп келет, бирок сүйүүнү мажбурлап сүйдүрө албайсың. Сүйүүнүн эркиндиги жана зарылчылыгы анын өзүндө. Сүйүү, сүйгөнүн табуу үчүн миң бир түрдүү амалды колдонуп, кылга байлаган амалды жүзөгө ашырышы мүмкүн. Сезимдин тунуктугу, жан дүйнөнүн тазалыгы, акылдын туура тарзаланышы сүйүүнүн бийик, нравалык касиетин арттырып, ой жетпеген бийиктиктерге көтөрөт.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Жан сыздаткан " сыздоок"

Жан сыздаткан " сыздоок"

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.