«This is Halloween, this is Halloween» дегендей, ар жылы октябрдын аягында майрамдалчу бул майрам тууралуу кызыктуу факттарды чогулттук. Анда эмесе, ашкабактарыңызды алып чыгып, шамдарды даярдаңыз.
1-ФАКТ
Хэллоуин — Америкадагы жана дүйнөдөгү эң популярдуу майрамдардын бири. Хэллоуинди ирландиялык эмигранттар Англия менен Америкага алып келишкен. Демек, анын башаты Ирландия десек болот.
2-ФАКТ
Хэллоуин 31-октябрда белгиленет. Бул күнү өлгөндөр тирилип, мурдагы жашаган үйлөрүнө кайтууга уку алышат деп айтылат.
3-ФАКТ
АКШда Хэллоуинге момпосуй сатып алыш үчүн жыл сайын болжол менен 2 миллиард доллар сарпталат. Ал эми Сниккерс — Хэллоуин майрамында сатылып алынган шоколаддардан биринчи орунда турат.
4-ФАКТ
Тазаланган ашкабактын ичине шам коюу идеясы Ирландияда пайда болгон. Жашоочулар бул ыкма арбактардан коргоп, аларды үй-жайдан алыс кармоого жардам берет деп ишенишкен.
5-ФАКТ
Эң кызыгы, Хеллоуинден корккондордун өзүнчө оорусу бар. Ал оору — Самайнфобия (Samhainophobia) деп аталат.
Бул фактыларды билчүңүз беле?







