AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Асель Енгалычева: "Кыргызстан" партиясы өзүн эч нерсе менен булгаган жок

Асель Енгалычева: «Кыргызстан» партиясы өзүн эч нерсе менен булгаган жок

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Асель Енгалычева, Көркөм гимнастика федерациясынын вице-президенти, “Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер.
Ал эмне үчүн “Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен депутаттыкка ат салышып жаткандыгы жана жаштарды тарбиялоого кошкон салымы жана максаттары тууралуу айтып берди.

— Эмне үчүн “Кыргызстан” партиясын тандадыңыз?
— Биринчиден, бул эң туруктуу партия жана өзүн эч нерсе менен булгаган жок. Мен партиянын лидерлерине ишенем, анткени бул адамдар менен биздин өлкөдө көп нерсе өзгөртүүгө болот. Мага партиянын катарындагы Чолпон Султанбекова, Наталья Кулматова сыяктуу күчтүү аялдар өзгөчө жагат.
Балдарды жана өспүрүмдөрдү тарбиялоо боюнча менин идея жана максаттарым, партиянын саламаттыкты сактоо, маданият жана билим берүү жаатындагы программасы менен түздөн-түз байланыштуу деп эсептейм.

— Жогорку Кеңештин депутаты болуп келгенде кандай демилгелерди көтөрүүнү көздөп жатасыз?
— Мен өзүмдүн негизги максатымды жаш балдарды жана өспүрүмдөрдү тарбиялоодон көрөм. Бул маселелерде көп нерсени өзгөртүп, толуктоо керек. Өлкөнүн келечеги болгон жаш балдарды тарбиялап жатканда, балдарга кызыктуу нерселерди жасоого атайын шарттардын жок экендигин, алардын иш жүзүндө уюштурулбагандыгына күбө болдум. Жаштарды тарбиялоого мамлекет тарабынан жетиштүү деңгээлде көңүл бурулбайт жана колдоо көрсөтүлбөйт. Өспүрүмдөрдүн жана жаштардын арасында баңгичиликтин жана жаштар катышкан кылмыштардын саны өсүүдө. Мугалимдер жана тарбиячыларга мамлекеттин мамилесинен жана эмгек акынын аздыгынан улам алар жөнөкөй маалымат таратуу менен алек болуп калышкан. Голда Мейрдин

Эгерде сиздер күчтүү мамлекетке ээ болгуңуз келсе, анда сизде эң көп маяна алган үч кесип болушу керек — доктур, аскер адамы жана мугалим — деп айткандары эсиңиздеби?

Биздин партиянын программасында билим берүү тармагын реформалоо жана маданияттын жалпы деңгээлин өнүктүрүүгө олуттуу көңүл бурулган. Жогоруда белгилеп өткөндөй, менин бул багыттагы демилгелерим жалпы партиянын программасына шайкеш келет.

Менин тажрыйбам, балдарды жана өспүрүмдөрдү тарбиялоодо практикадан алган билимим ушул жерде колдонулушу мүмкүн.

Бирок бизге мыйзам чыгаруу бийлигинин колдоосу менен мамлекеттик деңгээлде жаштарга патриоттук тарбия берүү программасы керек. Моделди биздин өткөн тарыхтан алууга болот: октябрчылар, пионерлер. Башкача айтканда, өз милдетин толук актаган балдар уюмдары же батыш өлкөлөрүнүн моделин — скаут кыймылын ылайыкташтыруу. Мыйзам чыгаруучу бийликтин колдоосу менен ал толук кандуу иштей алат.

Эгерде мамлекет жетиштүү көңүл бурса, жогорку деңгээлдеги кесипкөй педагогдордун жетишсиздигин дагы толтурса болот. 

Керектөөчүлөрдүн эмес, өлкөдөн чыгып кетүүнү көздөбөгөн чыныгы патриотторду тарбиялоо керек. Эмне үчүн калып жатышканын, эмне үчүн тарыхын сактап жатышкандыгын билүү үчүн алар өз өлкөсүн сүйүшү керек жана маданий мурастарын, бул жердин тарыхын билиши керек. Билесизби, мындай дени сак жарандык партиотизмди балдарда тарбиялоо керек. Менин оюмча, биздин өлкөнүн бардык ата-энелери мени түшүнүп, колдошот.
Менин демилгелерим аркылуу жогорудагы көйгөйлөрдү чечүүгө болот. Мен бул үчүн колдон келгендин бардыгын жасайм.

Аткаруучу: «ПроМедиа Плюс» КФ, Бишкек ш., Токтогул көч., 90а. Буюртмачы: “Кыргызстан” саясий партиясы. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж)

Жарыяланган күнү: 25-сентябрь, 2020-жыл. Нускасы: 1 даана.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Ахрор Иминов: "Жаштар саясатына жана санариптештирүүгө көңүл бурам"

Ахрор Иминов: "Жаштар саясатына жана санариптештирүүгө көңүл бурам"

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.