Саламатсызбы. Мен бир кеңеш алайын дедим эле. Жашым 15те, азыркы салмагым 37 кг. Жашообуз жакшы, жакшы тамактанам, ден соолугум да мыкты. Далай жолу анализ тапшырып, доктурга көрүнгөм. Каным таза, ичимде курт жок. Бирок кичинекей кезимен эле арыкмын.
Кайсы тамак семиртет? Эмнелерди жешим керек?







