Мүрзө аралап жүргүм келет
Мүрзөгө барганды жакшы көрөм. Көзүмө мүрзөлөр аябай жагымдуу көрүнөт, адамдардын аттарын окуп аралап жүргүм келет, мүрзөдө эс алып олтурууну каалайм, ал жерди аралап жүрсөм өзүмө өтө жагымдуу сезилет, көбүнчө орус мүрзөлөр жагат, бирок ал жерден эч кимди тааныбайм. Мунун себеби эмнеден болушу мүмкүн?
Улан Усупов
теолог
Негизинен, Пайгамбарыбыз:"Өтүп кеткендердин жайына барып тургула" деген. Бирок, биз мусулмандар, мусулмандардын мүрзөсүнө барып өтүп кеткен ата-баба, тууган-уругубузду эскерүү, ошону менен бирге өлүмдү, акыретти, Жараткан Алланы эскерүү максатында барабыз. Жөн гана же болбосо жакшы көрөм, мага жагат деп бара берүү туура эмес. Биз кылган ар бир нерседе ниет, максат маанилүү жана ошондой эле дүйнөлүк жана акыреттик пайдасы дагы болуш керек.
Мүрзөгө барганда Куран окуп багыштай жүргөнүбүз туура, жакшы жана сооптуу да болмокчу. Өткөндөрдүн жайына бул дүйнө менен кош айтышкан соң барабыз. Андыктан, тирүүлөрдүн арасында, ата-эне, бир туугандын арасында көбүрөөк болуп, алардын кадырын билгенибиз жакшы болот.