Семиргим келет
Эч эле семире албай койдум. Ден-соолугум жакшы эле. 26 жаштамын. Бир жылда 1кг да салмак кошулбайт. Кээде 2-3 кг салмак кошсом, 1 айдан кийин эле кайра мурунку салмагыма келип калам.
Гульнара Абдрахманова
Диетолог-эндокринолог
Биринчиден арыктап кетүүнүн себебин билүү зарыл. Мүмкүн сиздин салмагыңыздын азайып кетишине лямблиоз, эхинококоз же ашказан оорулары таасир берип жаткандыр. Ошондуктан анализдерди тапшырып, жыйынтыгы нормалдуу чыкса гана салмак кошууга өтүңүз. Бул жерде дагы балансталган туура тамактануу эрежеси аткарылат. Ооба, тамактар жогорку каллориялуу болот. Генетиканы дагы эске алууну унутпайлы. Эгерде ата-энеси арык болсо, анда бала дагы арык болот дегендей. Сиз алгач диетологго же эндокринологго кайрылып, анализ тапшырырыныз. Жыйынтыгы жакшы чыкса, диетологдун кенеши менен балансталган тамактануу режим аркылуу салмак кошо аласыз.