Кыздарга кызыкпай калдым
Акыркы күндөрү кыздарга болгон кызыгуум жоголуп кетти. Мурда кызыкчумун. Туугандар жашың өтүп жатат, үйлөн дешет. Кыздар менен таанышайын десем көңүл тартпайт, кызыгуу жок. Өзүмдү зордон үйлөнүп алсам кийин аялыма көңүл бурбай жүрө берсем кайра ажырашып кетемби деп чочулайм? Мурда кызыкчумун. Эмне сбептен болушу мүмкүн?
Ильдар Акбутин
Психолог
Сиздир сурооңузда көп күмөн саноо жана белгисиздик бар экинин билип турам. Мүмкүн сиз азырынча үй-бүлө курууга даяр эмессиз. Практика көрсөткөндөй бул учурда шашылуунун кереги жок. Туугандарыңыз сиз үйлөнбөй, бала-чакалуу болбой каласыз деп кабатыр тартып, коркуп жатканы түшүнүктүү эле. Бул боло турган нерсе. Сиз үй-бүлө күтүүгө даяр же даяр эместигиңизди бир гана ыкма менен билүүгө болот. Ал сиздин каалооңуз. Ал пайда болгон учурда сизди эч ким токтото албайт. Бул нерсени туугандарыңызга түшүндүрүп коюу өз колуңузда. Сизге ийгилик каалайм.