// //

Жел чыкпаса жан чыгат...

2018.04.04, 16:06
20121

Көпчүлүк арасындагы жагымсыз жана ыңгайсыз абалдардын бири бул жел чыгаруу. Мындай учур кездешкенде уят гана болбостон, организимде кандайдыр бир көйгөй бар экендигинен да кабар берет. Кимдир бирөөлөр анда-санда гана жел чыгарса, айрымдарга бул адат болуп калган. Окурманыбыздын суроосуна терапевт Гүлсана Бапаева жооп берет.

Биринчиден дайыма же анда санда жел чыгаруунун себебин билүү кажет. Көбүнчө тамак-ашты туура эмес колдонуудан болот.

  • Сүт азыктары. Бул азыктардын курамында көпчүлүк адамдар жакшы аш кыла албаган лактоза бар. Лактоза жел чыгарууга өбөлгө болот.
  • Газдалган суусундуктар. Квас, кока-кола, сыра, шампан жана лимонаддар метеоризмди күчөтөт. Анткени бул суусундуктардын курамында газ жана ачыткыч бар. Канчалык көп колдонсо абал да ошончолук оорлойт.
  • Структурасы бирдей азыктар. Алма, кара нан, картошка, капуста, турп, редиска жана ушуга окшош азык түлүктөрдү өлчөмүнөн көп колдонуу газ алмашууну жогорулатат.
  • Конкреттүү түрдө айкалышпаган азык-түлүктөр. Кээде азыктарды өз-өзүнчө жегенде көйгөй чакырбашы мүмкүн, бирок аларды туура эмес аралаштырып жегенде тамактын сиңиши оорлоп абалды кыйындатат. Бул учурда газдын бөлүнүп чыгышы күчөйт. Мисалы, бири-бирине айкалышпаган тамаш аштар: ак нан шорпо менен, картошка сосиска менен.

Башка себептер:

  • Аэрофагия. Тамак ичип жаткан учурда абаны жутуп алуу. Адатта бул көрүнүш адамдын тамактануусу адепсиз болгондон келип чыгат. Мисал үчүн, адам дайыма тамакты чоң өлчөмдө жесе, тамактануу учурунда сүйлөсө. Кээде тамакты чайноодогу кыйынчылык жараткан оорулар, тиштеги брекет аэрофагияга алып келет.
  • Дисбактериоз. Жоон ичегинин иштөө структурасы начарлайт, бул учурда - жел чыгаруу күчөйт. Сөзсүз түрдө дарылануу абзел.
  • Тамакты сиңирүүчү фрагменттердин жетишсиздиги. Эгерде жеген тамакты сиңирүүчү фрагменттер жетишпей, азык толук эрибесе жел чыгаруу арбыйт.

Өз алдынча көйгөйдөн арылуу жолдору:

Эгерде көп жел чыгруунун себебин билсеңиз, анда тезинен бул абалдан чыгуунун жолун издеңиз. Көбүнчө бул көйгөйдү аэрофагия жолун менен чечүү оңой. Бул учурда болгону тамактануу адебин үйрөнүп, эң оңою тамак ичүү учурунда сүйлөбөй жана кичинеден чайнап жеш керек. Эгерде сизди жел чыгрууга кандайдыр бир азык түлүк түрткү кылса анда сиздин организим ал азыкты кабыл ала албайт, ал үчүн тамактануу рационун өзгөртүңуз. Ал азык түлүктөрдү колдонуунун өлчөмүн азайтыңыз. Жана дагы физикалык активдүүлукө көңүл буруңуз. Сиздин ден-соолук канчалык чың болсо-алдын алуу, дарылануу жеңил өтөт.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт