// //

Досумдун айтканын жасагандан бери келинчегим экөөбүз урушпай калдык

2023.06.06, 17:38
6400

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Досумдун үйүнөн жеңилдеп чыктым. Абадан кере-кере дем алдым. Үстүмдө жука күрмө эле бар болчу, сырт суук болгону менен үшүбөдүм. Эмнегедир келинчегиме шоколад сатып алгым келди. Кандай шоколад жагарын жакшы билем. Акыркы ирет качан алып бергеним эсимде жок. Жаш балдай кудуңдап дүкөндү көздөй жөнөдүм.

Эртең менен эле урушуп кеткенбиз. Болбогон эле нерсе үчүн. Эми макул калп айтпайын, менин эжем аны жамандаптыр. Келинчегим билип калып катуу капа болду. Мен болсо эшикти тарс жаап чыгып кеттим. 

Жумушта маанайым жок отурдум. Демейде, тамакты калтырбаган жаным, түштөнүүгө табитим тартпады. Кечинде үйгө эмес, досума жөнөдүм. 

Ээ, сонун досум бар да. Качан болбосун колдоп, урушчу жерде урушуп, жыргачу жерде мени менен жыргайт. Оюн бетке айтат. Жанында он сому болсо дагы мага карматат. Аяшыбызга дагы сөз жок. Экөө суктана турган жубайлар. Жадакалса, үйүндөгү ит-мышыгын сыйлашат. Бир жолу катуу "кет" же "пыш" дегенин укпадым. 

Аяшыбыздын тамагы даяр болгуча экөөбүз сыртка чыгып сүйлөшүп отурдук. Акыркы күндөрү аялым экөөбүз көп урушуп калганыбызды, ажырашуу деген сөз айтыла баштаганын, качан болбосун маанайы жок экенин айтып калдым. Досум мени аяп бир нерсе дейт дегем. Андай болбоду. 

- Досум, үй-бүлө бул кичинекей мамлекет. Ал жерде сен менен гана аяш болот. Албетте, урушасыңар, анткени чек араңар жакшы тосулган эмес. Ар ким басып кирип жаңжал чыгара берет. Капа болбо досум, бирок эжең, аяш энем кээде чектен чыгып кетишет. Албетте, аяшка катуу тиет. Биз деле башында урушчубуз. Бирок, чек арабызды бекемдеп, мамлекетибизге экөөбүздөн башка эч ким кирбей тургандай кылгандан кийин баары жайына келди. Азыр бирөө дагы бир нерсе дей албайт. Кайын журтубуз турмушубузга аралашпай калгандан бери жашообуз оңолду. Ортобуздагы сый, ишеним, сүйүү күчөдү. Чек араңды бекемде дос. Тууган-тууган бойдон ары тарапта калсын. Сый бойдон калышсын. Экөөңдүн турмуш, бул экөөңдүн турмуш экенин көрсөт. 

Оозумдан рахмат деген гана сөз чыкты. Анан тамактанып алып үйгө жөнөдүм.

Босогодон аттарым менен эжем чалды. Аялым чыгып мени карап туруп калган. Дагы келинчегимди жамандап кирди. "Эже, менин турмушум, бул менин турмушум. Мен сизди жакшы көрөм. Сыйлайм. Бирок, үй-бүлөмдү өзүмө эле коюп, өз бүлөңүз менен алек болуңуз. Аялым мага жагат. Ошон үчүн үйлөнгөм. Калганын өзүбүз чечип алабыз. Экинчи кийлигишпегиле. Ансыз деле уруштура берип тажаттыңар."

Трубканы коюп, аялымды карадым. Көздөрү жашылданып калыптыр. Мени келип кучактады. Чөнтөгүмдөн шоколадын алып чыгып бердим. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадымй ка

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт