// //

MEGA балдар үйүнүн тарбиялануучуларын Балдарды коргоо күнү менен куттуктады

2023.06.01, 17:31
522

Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө MEGA уюлдук оператору (“Альфа Телеком” ЖАК) салтка айлангандай эле балдар үйүнүн жана реабилитациялык борборлордун тарбиялануучуларын куттуктады. Өсүп келе жаткан муунга, колдоого муктаж болуп жаткан балдарга камкордук көрсөтүү – компаниянын социалдык-кайрымдуулук ишмердүүлүгүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат.

1-июнда MEGA компаниясынын жетекчилиги Сокулуктун Маловодное айылында жайгашкан, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борборго барды. MEGA’нын кызматкерлери компаниянын атынан борбордун тарбиялануучуларына бекем ден соолук, кубаныч, бакыт жана жылмаюуга себеп болчу жакшы окуялардын көп болушун каалашты. Мындан тышкары реабилитациялык борбордун жамаатына бөбөктөргө көрсөткөн камкордугу жана тарбиясы үчүн ыраазычылык билдирди.

Андагы бардык балдарга  азембелектер жана таттуулар берилди. Өз кезинде мекеменин тарбиялануучулары кызыктуу концерт даярдашкан. Ал эми реабилитациялык борборго анын администрациясынын өтүнүчү боюнча MEGA компаниясы видеокөзөмөл системасын сатып алып орнотууга акча каражатын бөлдү.

“Альфа Телеком” ЖАКтын  камкордугуна алынган республикадагы башка балдар үйлөрүнүн бөбөктөрүн да унутта калтырган жок. Компания жыл сайын өлкөдөгү балдар үйлөрүнө даректүү колдоолорду көрсөтүп келет.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт