// //

Жигитим той алдында эки баласы бар экенин айтты

2023.05.30, 16:44
9578

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Шаарга багыт алдым. Үстүмдө кыргыз көйнөгү. Айдоочу таңкалып койду. Суроо бергенге батынбады. Кебетемде "азыр сүйлөсөң жакшы сөз укпайсың" деп жазылып турганы анык. Ыйлаган жокмун. 

Инстаграмдагы бир кыйындан аялдын сүйүүсү бир заматта өчөт деп уккам. Ошону эстеп кеттим. Чын болуп чыкты. Башкаларды билбейм, мага чын болуп чыкты. Жылмайып койдум.

Апам чалды. Боомго жетип калдым дедим. Баары жакшы экенин айттым. Кабатыр. Атам чалды. Баары жакшы дедим. Барайынбы деп сурады. Жок дедим. Кайра апам жазды.

Айыл. Той. Таң эрте күйөө баланы күтуп жатышкан. Бүт туугандарым келген. Бүгүн менин кыз узатуум болчу. Жигитим менен төрт жыл сүйлөштүк. Анан...

- Баса, айтып коеюн дегем. Менин эки балам бар. Алар апасы менен. Бирок катташпайбыз. 

- Тамашаңбы?

- Эмне болмок эле? Баары бир той болуп калды. Бузмак белең. Туугандарың келип калдыбы? Жетейин деп калдык.

- Той болбойт.

Ортодо көп сөздөр айтылды. 4 жыл чоочун адам менен жүргөнүмдү билдим. Кеп балада эмес, кеп жашырганында, той күнү баары бир кете албайт дегенинде болду. Атам менен апама баарын түшүндүрдүм. Экөө шок. Мен такси алып шаарга жөнөп кеттим. Туугандарга отчет бергим келбеди. 

Эртең жумушка чыгам. Күндөр өтө берет. Өзүмдү бир балээден сактагандай эле болдум. Терең дем алдым. Автовокзалдан торт сатып алып, батириме багыт алдым. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт