// //

Күйөөмө бул белекти берсем "албайм" деп ыйлады

2023.05.29, 17:40
5256

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, интернеттен алынды!

Күйөөм экөөбүз эски телефону үчүн бир жолу катуу урушуп кеткенбиз. Достору менен жолукканы кеткен эле. Түн болду жок. Чалып жатам. Гудок кетет, бирок албайт. Сыртта кар жаап жатат. Машинасы бузулуп жолдо калдыбы деген жаман ойлор келе баштады. Досторуна чалдым. Бир саат мурун кеткенин айтышты. Саат он экиден өттү. Уктабай күтүп отурам. Кирип келди. Дароо эмнеге телефонун албай жатканын айттым. Кнопкасы иштебей, басса дагы болбой жатканын айтты. Көрсөтүп берсе дагы ишенбей катуу уруш чыгардым. Анан эки жакты карап жатып алдык.

Мени менен сүйлөшүп жүргөндөн бери ушул кнопка телефонун көтөрөт. Интернетке кирбейт. Анан дагы сынык фонуна менин сүрөтүмдү коюп алганын кантесиң. Бооруң эзилет.

Мага үч жолу телефон алып берди. Туулган күнүмдө, кыздуу болгонубузда жана жоготуп жибергенде. Өзүңө алып алчы десем, "мага ушул эле болот" дейт. Тапканын баарын үйгө көтөрүп келет. Жадакалса жаңы кийим дагы кийбейт. "Кызым экөөң алгыла, мага тим эле кой" деп коет. Кыйнап жатып жаңы байпагын араң кийгизем. 

22-февраль туулган күнү. Анан 23үн, майрамды кошуп жакшылап куттуктап койгум келди. Айлыгымдын баарына эң кымбат телефон сатып алдым. Үйгө өзүмө алгандай сүйүнүп келдим. Келсем кызым экөө мультфильм көргөнү жатышыптыр. Кызым чуркап келип телефонумду сурады. Өзүмдүкүн эмес, күйөөмдүкүн берип атаңа алып бар дедим. Күйөөм таңкалып кармап отурат.

- Сага, майрамың менен.

- Жок ай, албайм. Жок албайм. Мен муну сындырып алам. Тим эле койбойт белең.

- "Уже" сатып алдым. Артка жол жок.

- Жок, албайм, жок, өзүң көтөр. 

Аркасынан кубалап жүрөм, тиги албайм деп качып жүрөт. Көзү жашылданып чыкты. Телефонундагы симканы алып, жаңыга салып, колуна карматып, "мен чалганда дароо аласың" дедим. Ыйлап жиберди. Мен мындайды күтпөгөм. Улам кармалап коет. Акырын карасам ичин чукулап, кармалап, жымыңдап отурду. Интернетке кошуп берсем, кызы экөө түнү менен кино көрүп чыгышты. 

Берген белегимди аярлап көтөрүп жүрөт. Аны көрүп мен сүйүнөм. Ар дайым бизди ойлоп жүргөн күйөөмө жаңы телефон куп жарашты. Эскисин кызым оюнчук кылып алды. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт