// //

Жигит тапсам эмне кыларымды атама айтсам урушту

2023.05.24, 18:00
10119

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Атам экөөбүз бак тазалап жүргөнбүз. Деги эле атам менен жумуш жасаган жагат. Шаштырбайт, көп ишти өзү бүтүрүп коет, ага кызыктуу сөз баштап койсоң эле болду. 

Бул ирет дагы ошондой болду. Үй жумуштарынан качып атамдын жанына кетип калгам. Апам "мунуң иш кылбайт" деген боюнча калды. Апамдын ачуусуна тийген жагат. Атамдын артынан чыгып баратып, бир тийишип алдым. "Сениби!" деген боюнча калды.

Өзүм студентмин. Дем алыш күндөрү шаардан айылга баса берем. Шаардын ызы-чуусуна такыр көнө албай койдум. Быйыл бүтүрөм. Үйгө келип бөлмөмө кирсем, атам менен апам тумбочкама таттууларды салып койгон болот. Кудум балалыгымдай, чупа-чупстар толуп турган болот. Ичимде башкача жылуулук пайда болот. Күтүшөт. Сени күткөн адамдардын болгону сонун сезим э?

Курбу кыздарымдын жигиттеринин жоруктары боюнча айтып берип жаткам. Атам угуп коюп жумушун кыла берди. 

- А мен жигит тапсам жашоом башкача болот. Кызыктуурак. Анан жигитим мага кам көрөт. Ар нерсени алып берет. Анан бактылуу болом. Эки жакка барам.

- Токтот, кызым! Сен эмне деп жатасың?

- Эмне деп жатыпмын?

- Кызым, сенин бактың эч качан бирөөдөн көз каранды болбош керек! Сен бирөөнүн жанында эмес, өзүң бактылуу болушуң керек. Угуп жатасыңбы, бирөөнү бактылуу кылат деп күтпө. Бактылуу кылбай койдуң деп күнөөлөбө! Жалгыз бактылуу боло албаган адам эч качан бактылуу боло албайт. Угуп жатасыңбы! Сен бактылуу бол. 

- Түшүндүм ата.

- Мени капа кылдың, кызым. Антпей жүр. 

Катуу кучактадым. Атамды жакшы көрөм да. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Келин алгандан бери 20 жашка жашарган кайын эненин сыры

Эт жеш үчүн барасың деп, күйөөм тойго жибербейт

Тойдон тайкем жилигин жоготуп алып ызы-чуу салды

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт