// //

Баланы ыйлатпай, кыйнабай тамактандыруу үчүн сонун кеңештер

2023.05.16, 12:47
648

Илимди популяризаторлору Анн Ферхольм жана медицина магистри Кайса Ламм беш жашка чейинки балдардын тамактануусун майда-чүйдөсүнө чейин талдап, "Большая книга о еде и детях" китебин жазып чыгышкан.  Ал жерде ата-энелерге көптөгөн пайдалуу кеңештер бар. Бүгүн биз алардын бир нечесин айтып беребиз. 

Жомок айтып бериңиз

Бала тамак жедирүүгө жасалган бул куулук дайыма кемчиликсиз иштейт. Жомок ар кандай болушу мүмкүн, балага тамак берүү менен аны айтып баштайсыз. Анан эң кызыктуу жерине жеткенде, балага тамакты чайнап бүтүүсүнө мүмкүнчүлүк берип, тыныгуу алып, кайра улантыңыз. Бош табак жана бактылуу бала - жомок ушинтип аякташы керек. Жомок болбосо, радиодон же башка маалымат булактарынан уккан кызыктуу жана пайдалуу маалымат айтып берүүгө аракет кылыңыз.

Өзүңүзгө ишенбесеңиз - баланы алдабаңыз

Эч качан балага ал жактырбаган продуктту (пайдалуу болсо дагы) алдамчылык жол менен берүүгө аракет кылбаңыз. Эгерде бала шпинатты жакшы көрбөсө, анда аны кандай тамаккка кошпоңуз, ал жерден дароо табат деп ишенсеңиз болот. Жыйынтыгында көңүлү сиз ойлогондон да күчтүү калып калышы мүмкүн. Маселен, шпинатты пирогго кошуп койсоңуз, ал эч качан пирог да жебей коюшу ыктымал. 

"Кетчуп эффектин" колдонуңуз

Бул деген мурунтан эле тааныш болгон нерсенин жардамы менен баланы жаңы даам менен таанышууга түрткү берүү. Кетчуп бир көпүрө болот, анын арты менен бала картошканын, брокколинин же кабачоктун бир бөлүгүн жегенден коркпой калат. Албетте, "кетчуп эффектин" түзүү үчүн сөзсүз кетчуп эмес, башка нерселерди деле колдонсо болот. Лимон соусу кошулган балыкты бала бат эле жеп коюшу мүмкүн. Анн өзү сыр соусунун жардамы менен кичинекей балдарын гана эмес, алардын чоң атасын да пайдалуу нокот унунан жасалган спагетти жегенге үйрөткөн.

Агрессивдүү бир туугандарды дасторкондун ар кайсы бурчуна отургузуңуз

Эгерде үй-бүлөдө бир нече бала болсо жана алардын кээ бирлери үстөлдүн астынан бир тууганын тээп, чымчыганды жактырса, урушкандарды бири-биринен мүмкүн болушунча алысыраак отургузуңуз. Анн кыздарынын бирин эжелери менен инилеринен максималдуу аралыкка отургузганда, кечки тамактын атмосферасы бир топ тынчыраак болуп калган.

Ар дайым дасторконго анын жакшы көргөн тамактарынын айрымдарын коюңуз

Ооба, дээрлик дайыма. Балаңызга мурда жеп көрбөгөн жашылчаларды сунуштасаңыз, анда жанында жактырган тамагы болсун. Балаңыз күрүчтү сүйсө,  жаңы тамактарды күрүч менен бериңиз. Тамак-аштын бир түрү коопсуздук жана жайлуулукту жаратышы керек. Өмүрүндө биринчи жолу көргөн нерсесин жегенге  кайраттуулук талап кылынат.

Башка сонун кеңештерди китептен окуй аласыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт