// //

MEGA’дун VoLTE кызматы менен жаңы деңгээлдеги мобилдик байланыш

2023.04.25, 14:15
477

Чалуунун тез аткарылышын, үн чалуулардагы добуштун мыкты сапатын жана мобилдик трафиктин дайыма жогорку ылдамдыгын баалагандар үчүн сонун жаңылык! MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору Кыргызстанда алгачкылардан болуп республикадагы бардык абоненттери үчүн VoLTE технологиялык кызматын акысыз ишке ашырат.

VoLTE’нин кандай артыкчылыктары бар?

  • VoLTE (же Voice over LTE) – бул чалуу өтө тез ишке ашкандыгы жана маектеш менен сүйлөшүп жаткандагы үндүн тунуктугу менен айырмаланган байланыштын жаңы форматы.
  • Аталган кызматты кошуу менен MEGA’нын абоненттери керектүү адамга ылдам байланышка чыга алат жана анын үнүн шуулдаган үндөрсүз, тунук уга алат, мындайда сиз чалган адам жаныңызда отургандай сезесиз.
  • VoLTE кызматы менен абоненттер бир эле учурда телефон аркылуу байланышып, ошол эле учурда 4G интернетин колдоно алышат: тактап айтканда телефонго чалышса же сиз чалсаңыз интернет автоматтык түрдө 2G/3G’га өтпөйт, демек сүйлөшүү учурунда да өткөрүү жөндөмдүүлүгү жогорку ылдамдыкта болот.
  • Башкысы – өзгөчө бул геймерлер үчүн мыкты чечим, анткени туруктуу ылдамдыктагы мобилдик интернет эч кандай тоскоолдуксуз жогорку ылдамдыкта иштейт.

Кызмат баасы канча?

VoLTE’ни кошуунун наркы — 0 сом!

VoLTE кызматын кантип колдонуу керек?

  • Сиздин смартфонуңуз VoLTE технологиясын колдойбу, текшерип алыңыз.
  • SIM-картаңыз 4G байланышын колдойбу же жокпу, аны да текшериңиз.
  • Сиз жайгашкан аймакты LTE (4G) түйүнү капташы керек.
  • Кызматты кошуу үчүн *260# буйруусун териңиз же *260 номерине чалыңыз.
  • Телефондун тууралоосунан 4G жана VoLTE’ни активдештириңиз.

Даяр!

Кызматты смартфонуңузга кошуу жана пайдалануу боюнча кененирээк маалыматты шилтемеси аркылуу окуй аласыз.

MEGA’дан VoLTE – смартфонуңузда HD форматындагы чалуулар жана туруктуу ылдам интернет!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт