// //

Жарамазан тууралуу кызыктуу 7 факты баары билиши керек

2023.04.09, 15:18
2908
Орозо башталгандан бери жарамазан айткандарды көчөдөн, базардан, тамактануучу жайлардан, коомдук жерлерден кезиктирип жүрөбүз. Мындан улам бурмаланып бара жаткан эзелки салт тууралуу тарых илимдеринин доктору, профессор, этнограф Сулайман Кайыповдон тактадык.

Жарамазан деген эмне?

Жарамазан деген сөз рамазан сөзүнөн алынган, ыпысык дегенди түшүндүрөт. Бул күнөөлөрдү күйгүзөт деген тилек менен кабылданат.

Жарамазандын келип чыгышы

Жарамазан Ислам динин кабыл алгандан кийин келип чыккан салт. Кыргыздар ар кандай маалыматты элдик оозеки чыгарма, фольклордук моделдер аркылуу кабыл алган. Муну менен бардык жаңы маалыматтарды кабыл алып, жаңы нерселерди өздөштүргөн. Ошол убакты Ислам дүйнөсүндө добулбасты кагып, жарыяларды же башка нерселерди жар салчу. Ал эми элдик оозеки чыгармачылык өнүккөн элде бул сөзсүз түрдө ырга айланат. Ушуну эле биздикилер ырга салып, түндөсү айтып башташкан.

Ислам дининде салтка байланыштуу нерселер абдан көп. Бизде салт менен дин айкалышат.

Жарамазан айтуунун максаты

Адамдар уктап калып, оозун бекитүүдөн кечигип калбасын деген максатта айтылат. Ошондой эле үй ээлерине жакшы тилек арноо.

Кимдер айтат?

Түнкүсүн айтылгандыктан эркектер (кыздар түнкүсүн көчөгө чыкпайт) гана чыгышчу. Тагыраагы, үшүп, чарчап, чаалыгып калбай турган боз уландардан тартып, өздөрүн тың сезген абышкаларга чейин айтса болот. Акындар, ырчылар да айтышат. Тобу менен же жеке айтса да болот, батаны улуусу берет. Ал эми жарамазан эмне экенин түшүнбөгөн жашы жете элек балдардын айтканы туура эмес, болбойт.

Кандай айтылат?

Жарамазан ооз ачкандан кийин бардык ибадаттар (куптан намазы, таравих намазы) аткарылгандан кийин айтылат. Жарамазан саламдашуу, негизги текст (узак да болот) жана бата же каргыш деген бөлүктөн турат. Каргышты үйдүн ээси босогосун ачпай же кууп жиберген учурда айтышат. Текстте адептүү, насыят сөздөр болушу шарт. Кулакты тешпеген, уккулуктуу сонун обон менен айтышат. Жарамазан айтып жаткандардын сөзүн бөлүп, токтотуп койгонго болбойт.

Жарамазанды Орозо башталганда эле айтса болобу?

Жарамазанды Орозо башталгандан тарта эле айта берсе болот. Эл арасында жарамазанды 3, 7, 10 күндөн кийин же Орозо айынын ортосунда айат деп да жүрөт. Мындай шарт жок, болгону Орозого кирип, көнүп кетүү жеңил болбойт. Адам чарчап, чаалыгып, суусап, ач болуп калат. 3-4 күндөн кийин көнө түшөт, ошол учурда айткан жакшыраак.

Жарамазанчыларга эмне берилет?

Жарамазан айтып келгендерге үй ээси колунда болгон жакшы нерсесин берип, ыраазы кылып, батасын алат. Мурда таттууларды, борсок, нан, май жана башка түрдүү даамдарды, ал эми колунда барлар мал (кой, жылкы) да беришчү. Азыр акчалай берип калышты. Жарамазанды айтып бүткөндөн кийин чогулган нерсени жарамазанчылар тең бөлүп алышат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт