// //

Апама бул сөздү айтып алып аябай өкүндүм

2023.03.27, 16:16
13060

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет апасын таарынтып алган жигиттин баянын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү.

Бүгүн бир кызыктай күн болду. Бирок эмне үчүн экенин билбейм. Мындай карасаң жумушумда баары жакшы, эч ким менен урушкан жокмун, машинам бузулбады, курсагым ток.  Жок, бир бир нерсе жетишпей жатат.

Кечинде достор менен кафеге бардык. Менден башкасынын баары күлүп-жайнап отурушту. А мен ичимен тынчсызданып, эмне жетишпей жатканын таппай жаттым. Кече ортолоп калганда, “кой бара берейинчи” деп коштошпой чыгып кеттим. Үйгө келип чечинбей диванга куладым. Ошол бойдон уктап калыпмын.

Эртең менен турсам кечеги тынчсыздануу кайдадыр жоголуп кетиптир. “Ураа!” деп сүйүнгүчө, анын ордун жалгыздык ээлей калды. Жалгыздык тынчсыздануудан дагы жаман экен. Өзүмдү эч кимге кереги жоктой сезе баштадым. Ох, үшүп кеттим. Эки кабат жемпир кийсем дагы жылыбадым. Ооруп калдымбы десем температурам нормада. Эмне эле болуп жатам?

Жашоомдун кызыгы, жеген тамагымдын даамы жоголду.

Интернетке үч күндөн бери кире элекмин. Жумушка да барбай жатып алдым. Тамакка табитим жок. Кечээ досторум келип кетти. Эч кимиси көңүлүмдү көтөрө албады. Өзүмдү кагыраган чөлдө жалгыз калган балапандай эле сезип жаттым. Балапан, балапан... Токтосоңор. Балапандын апасы кана? Апа!

Апам үч күндөн бери чала элек. Ага эмне болду? Телефонумду издеп таппайм десеңер. Кол шилтеп туруп айылга жөнөдүм. Сырттагы түн мени токтото алган жок.

- Ой, уулум! Сен кайдан? Баары тынчылыкпы?

- Апаа!

Кучактап алып ыйлап кирдим. Бетинен, колунан өөп, чачын жыттадым. Үйгө жеткиче оюма эмне гана келген жок дейсиңер. Ойлорум чындыкка айлып кетпесе экен деп аябай корктум.

Апам отко чай коюп, тамак ысытып берди. Аябай ачка болупмун, чайнабай эле жута баштадым. Курсагым тойгондон кийин көңүлүм ачылып, бетиме кан жүгүрүп калды. Жашоомдун маңызы кайтып келди.

- Балапаным, сага эмне болду айланайын, жүрөгүмдү түшүрүп түндө келдиң.

- Апа, эмнеге мага үч күндөн бери чалган жоксуз.

- Садагаң болоюн, өзүң баягы күнү улам-улам чала бересизби деп бурк эткениңен чалган жокмун.

- Апа, акмак уулуңду кечирип койчу.

- Келегой, дагы тамак ичесиңби?

- Ооба, ичем, толтура эле куя бериңиз. 

Мурдумду тартып, чыканагыма жашымды сүрттүм.

Бул окуя мага чоң сабак болду. Анткени ар бир күнүм апамдын “звоногу”  менен көрктүү экенин билдим. Азыр өзүм күн сайын чалып, эмне гана болбосун апамдын сүт чайын ичкени дем алыш күндөрү айылга барып турам.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт