// //

Аборт жасаткандар эки ай орозо кармаса күнөөсү кечирилеби?

2023.03.27, 14:47
2240

Саламатсызбы! Мен ден соолугума байланыштуу жакында медициналык аборт жасатам. Дарыгер төрөй албайсың деп жатат. Интернеттен карасам бойдон алдыруу күнөө, бирок эки ай орозо кармап же болбосо 120 грамм алтындын баасын бир туугандарга төлөп берүү керек экени тууралуу жазылыптыр. Ошентсем күнөөм кечирилеби? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.03.2023, 14:48

Кадыр Маликов

Теолог

Шариятка ылайык дарыгер тезинен медициналык аборт жасоо керек, болбосо аялдын ден соолугуна коркунуч бар деп айтса, эненин ден соолугун жана өмүрүн сактап калуу максатында аборт жасоого уруксат берилет. Ошондой эле, аборт акыркы айларда эмес, белгилүү бир убакытта жасалат. Аялда таптакыр күнөө жок. Себеби сиз ден соолугуңду сактап калуу максатында аборт жасоого мажбур болуп жатасыз.

Бул жерде эненин же баланын өмүрүн сактоо деген тандоо бар. Шариятыбыз эненин өмүрүн сактап калууга артыкчылык берет. Демек, аборт кандай гана болбосун айласыздан энени сактап калуу максатында жасала турган болсо, аял жоопкерчилик тартпайт. Эң негизгси аял бала төрөгүсү келген, бирок дарыгерлер кош бойлуулуктун белгилүү бир айында эненин өмүрүндө коркунуч бар экенин билишти. Аны сактап калуу максатында аборт жасоо керек экенин айтышса, мындай учурда аял күнөөкөр болбойт. Бир же эки ай катары менен орозо кармап кереги жок, шариятта мындай нерсе айтылган эмес.

Кабатыр болбоңуз, сиз кабылган жагдай бир сыноо болуп эсептелет, дарыгерлер эне боло албайсыз деп айткан күндө деле, кудай кааласа сизге бала берет. Ошондуктан дуба кылып, кийин көп балалуу болушту сураныңыз. Садака берсеңиз болот, орозо кармап, алтындын баасы менен белгилүү бир өлчөмдө акча берүүнүн кереги жок. Дагы айтам, эч кандай күнөөкөр болбойсуз.

Аял күнөөлүү болот, эгер ал балалуу болууну каалабай, абортту өз каалоосу менен жасаса.Себеби, исламда эненин өмүрүн жана ден соолугун сактап калуудан тышкары, аборт жасоого тыюу салынган.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт