// //

Күйөөм ооруп калсам башка аларын айтты. Ажырашып кетсемби?

2023.03.24, 17:43
6105

Турмушка чыкканыма 6 жыл болуп калды. 1 кыз 2 уулубуз бар. Мен күйөөмдү аябай кызганам. Анткени түнкүсүн үйгө келбейт, достору менен көңүл ачып жүрөт. Бир жыл мурун Москвага кетип калган. Ал жактан кыз-келиндер менен жүргөнүн ачык эле айткан. Мага талак берип, Кыргызстанга келгенде кечирим сурап, кайра бирге жашап калдык. Көп өтпөй боюма бүтүп, эки ай болгондо түшүп калды, кийин кайра болуп бир аздан кийин эле ал да түшүп калды. Гинекологго барып тазалатсам, эрозия бар экен, дарылан деген. Күйөөмө келип айтсам “сен оорулуу экенсиң, акчаны коротуп тынбай ооруй бересиң, сени кетирип башка катын алам” деп урушту. "Москвадан жүрүп оору жугузуп келген окшойсуз" дедим. Мен аны аябай жакшы көрөм, урса да, тилдесе да бардыгына чыдап жашап келем. Бирок, акыркы күндөрү чыдамым жетпей баратат. Катуу стресске кабылып, көп ыйлайм. Жүрөгүмдү оорутту. Эмне кылсам? Кетип калайын десем, балдарды аябай жакшы көрөт, жакшы карайт, балдар да аталап турушат. Ортодо мен кыйналып бүттүм.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.03.2023, 17:44

Асель Баимбетова

Психолог

Мен сиздин өжөрлүгүңүзгө баа бердим. Үй-бүлөнү сактап калуу үчүн бардыгына даяр окшойсуз. Күйөөңүздүн башка аялдар менен жүргөнүнө, сизге кол көтөргөнүнө, кемсинткенине карабай, жакшы көрөм деп жатасыз. Сиз үй-бүлөнү сактап калам деп, өзүңүзгө болгон сый мамилени талап кылууну да четке калтыргансыз. Мындай кырдаал жаралганы абдан кейиштүү.

Психологдон кенеш сурап жатасыз, бирок балдар үчүн мындан ары деле чыдап жашоого даяр экениңиз сезилип турат. Мен сизге ажыраш, деп айта албайм. Акыркы чечимди сиз өзүңүз кабыл аласыз.

Балким, сиз күйөөңүздөн материалдык жактан көз карандысыз, ошондуктан да өзүңүздү коргой албай жатасыз.

Колдон келсе жумушка кирип иштеңиз, өзүңүзгө көңүл бөлүп, өз алдынча ой жүгүртүп, чечим чыгарганга үйрөнүңүз. Билимиңизди, жөндөмдөрүңүздү өнүктүрүңүз. Курбулар менен жолугушуп туруңуз.

Шарт болсо психологго кайрылып көрүңүз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт