// //

Атамдын бул сөзүнөн кийин кыздарга барбай калдым

2023.03.24, 14:18
10449

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

"Ким канча кыз менен сүйлөштү эле?" Достор менен жолукканда негизги темабыз ушул эле. Бир кыз менен жүрүп, кайра мамилени бузуп башкасы менен сүйлөшүп. Сүйлөшкөн кызың канчалык көп болсо, ошончолук абройлуу элең. Достор менен кадимкидей атандашат элек. Эх, жаштык.

Кезектеги сүйүү мамилеси. Сабактан чыгып экөөбүз жетелешип келатканбыз. Атам жолугуп калды. Тааныштырдым. Экөөбүздү кафеге алып кирди. Жакшы отурдук. Кечинде апама келин баласы жөнүндө айтып берди. Маани деле берген жокмун. 

Атам экөөбүз короодо кыбырап жүргөнбүз. Сөздөн-сөз чыгып сүйгөн кызымды көрсөттүм. Атам таңкала карап койду. Унчуккан жок. Баягы келин баласы эмес болчу. 

Сүйлөшкөн кызым болсо болду болчу. Жактырамбы же жокпу мааниге ээ эмес эле. Ичимден бир нерсе кыйнай берчү. Аны кийин түшүндүм. 

"Карындашың дагы бирөнүн кезектеги сүйгөн кызы болсо керек, э?" Атамдын бул сөзү ачуумду келтирди. "Же кийин кызың" дегенде андан бетер ачуум келди.

- Ата, андай болбойт!

- Сен кайдан билесиң?

- Мен, мен...

- Уулум эркектин улуулугу эмнеде билесиңби? Бир аялды сүйүп, аны менен өмүр бою жашап кеткенинде. Бул абдан кыйын иш. Көпчүлүктүн колунан келбейт. Алсыздар толтура уулум. Бир аялды сүйүү ушунчалык оор, бирок чыныгы эркектин колунан келет. Менде деле толтура азгырыктар болгон. Мен сынган жокмун уулум. Апаңды сүйүү канчалык оор, ошол эле учурда сонун экенин билсең кана. Сен азыр жеңил, алсыз эркектин жолунда жүрөсүң. Аялды сыйлаш керек, сүйүш керек. Мына чыныгы мырза. А алсыздар санга маани берет, шылтоолорду айтат, "подкаблучник" дейт. Анткени алар алсыз уулум. Сен бир аялды сүйүп жашай аласыңбы? Жообуң "жок" болсо, эркек эмессиң деп эле айтам. Ушул нерсе колуңдан келбесе, башкасын жыргатпайсың. 

Уялдым. Ушунчалык уялдым. Уялдым.

Бир аялды сүйүп жашай турган мырза болгум келет. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Нике түндө күйөөм менин эмес апасынан койнунда уктады

Кайын энесине "апа" деп кайрылгысы келбеген кыздын баяны

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт