// //

"Качан экинчисин төрөйсүң?" Туугандардын орунсуз суроолоруна жооптор

2023.03.24, 12:17
1921

Салам, достор! Туугандардын "Качан турмуш курасың?", "Качан экинчисин төрөйсүң?" сыяктуу суроолорунан тажап, актануудан чарчадыңызбы? Анда, психологдордун бул кеңештерине кулак салыңыз. 

1. Көңүлдү башкага буруңуз

Психологдун кеңеши: Эң оңой вариант – ачык суроо: "Эмне үчүн бул тууралуу сурап жатасың?" Муну менен сиз маектешиңизге дароо жооп берүүнүн зарылчылыгы жок экенин билдирип, сөздү ага бурасыз.

Мисалы:

- Качан күйөөгө тие...

– Нан берип коесузбу?  Тамак даамдуу болуптур. Өзүңүз жасадыңызбы?

2. Мүмкүн болушунча чынчыл болуңуз

Психологдун кеңеши: Чындыкты айтыңыз. Бул чын жана кыска "билбейм" деген жооп болушу мүмкүн. Мисалы, "Качан балалуу болосуң?" деген суроого мындай деңиз: "Азыр менин пландарым башка. Карьера мен үчүн маанилүүрөөк."

Мисалы: 

- Тигилер неберелүү болушуптур! Чоң атасына окшош экен. Силер качан?

- Бирөөлөр неберелүү болгону үчүн эмес, ата-энеси бардык жоопкерчиликти, кыйынчылыкты көтөрүүгө толук даяр экенин түшүнгөндө балалуу болууну каалайбыз.

3. Өзүнө окшоп жооп бериңиз

Психологдун кеңеши: Чек араңарды кайра-кайра коргошуңар керек. Мисалы, апаңыз телефондон ашыкча салмагыңыз бар экенин айта берсе, "апа, мен өзүмдүн салмагым тууралуу терс пикирлерге чыдабайм" десеңиз болот. Эгер ал тынчыбаса, салмагыңызды айтуусуна беш секунд калганда телефон чалууну токтотууга аракет кылыңыз.

Мисалы:

- Балам, мен бир арыктоо боюнча программаны көрдүм...

- Апа, мен дагы бир программаны көрдүм. Алардын айткандары боюнча: адамдын фигурасы, турпаты жөнүндө кеңеш берүү - нерв ооруларына чалдыктырат экен.  Өзүңүздү аяганга аракет кылыңыз!

4. Өзүңүздү ата-энеңизден мурун сындаңыз

Психологдун кеңеши: Сынга кошулбаңыз. Ачууга алдырбаңыз. Тынчтыкты сактаңыз. Бир аз тыныгып, анан акырындык менен алардын критикасына макул болбогонуңузду айтыңыз. Чек араны коргоңуз. 

Мисалы:

- Жумушта эмне кыласың?

-  Эптеген жашоо, эшек такалап эле отурам, жашооң менен...

Бул кеңештер эч кимге эч качан пайдалуу болбойт деген алсыз, бирок күчтүү үмүтүбүз бар.

Маалымат mel.fm сайтынан алынды. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт