// //

Баш аламан фигураларды тарта берем

2018.02.20, 11:57
1145

Мен мурда зериккенимде же маанайым жок болуп калса ар кандай геометриялык фигураларды же болбосо жүрөкчөлөрдү, кичинекей адамдардын жүздөрүн чие берчүмүн. Ал эми азыр болсо эч нерсе чийгим келбей, зеригип, маанайым чөгүп кетсе баш аламан эле дептерлердин ичин боёп сала турган болуп калдым. Кантип бул адаттан арылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.02.2018, 11:59

Бермет Наралиева

психолог

Негизги көйгөй сенин зериккениң, бош убакыттын көптүгүнөн эч нерсе менен алектенбей ар нерсени чийип олтурганың. Эгер ушул олтурганың сени канааттандырбаса калемди таштап, ордуңдан туруп башка иш менен алектенгенге неге болбосун. Эгерде сенде калоо болсо кандай маселе болбосун оңой эле аны жолго сала аласың. Эң негизгиси каалоо керек.

 

Ал эми сүрөттөр аркылуу ошол сүрөт тарткан адамдын жан дүйнөсү тууралуу көп маалымат алса болот. Бул психологиялык интерпретацияны адис психологдор чечмелешет. Эгерде бул багытта өзүңдү таанууга аракет жасагың келсе сөзсүз мага кайрыл. Тематика боюнча сүрөт тартып өзүң жөнүндө малымат ала аласың.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт