// //

Бул окуядан кийин күйөөмдү сүйбөй калганымды билдим

2023.03.16, 17:35
18986

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир келиндин баянын жарыялайбыз. Эскертүү, каармандардын аты өзгөртүлдү.

Бүттү. Бүтүрдүм. Корккон жокмун. Көөдөнүм жеңилдеди. Таттуу уйку кош келдиң.

Мен аны көбүрөөк сүйдүм. Бул факт. Бул факты эч ким тана албайт. Мен ал үчүн бүт жашоомду таштагам. Ага мунун кереги жок болчу экен.

"Ооруп калыпмын, дары ала келе аласыңбы?" Биринчи жолу өтүндүм. Турсам ашканада тамак ичип отуруптур. Дары сурадым. Ары барчы деп колун шилтеп койду. Мен ары кеткен жокмун, мен андан алыс кеттим.

Бүгүн бир нерсени байкадым. Ага бир дагы чалган жокмун. Чалгым келген жок. Мурда күн алыс чалып, кайда экенин сурап турчум эле. Чалгым келбей калды. 

Кечээ кызуу келди. Достору менен кафеде отуруп, кыздар менен таанышканын айтып, мени адаттагыдай кызганат деп ойлоду. Кызганган жокмун. Кызыккан да жокмун. Өзүнө окшоп инимди куушуруп койдум. Кайра өзү тамаша экенин айтып, өзгөрүп калганымды айтты. Мага жабыша баштады. Мен аны каалабай калдым.

Бүгүн өзү чалды. Алган жокмун. Мурда чуркап барып алат элем. Алгым келген жок. Телефон өчкүчө карап турдум. Анан кайра жумушумду уладым.

Мени сөкчү. Мени түртчү. Мени капа кылчу. Мени катуу тамашага салчу. Ачуу сөздөрдү айтчу. Ошонун баары акыры таасирин берди. Рахмат, өзүм сага болгон сүйүүнү өлтүрө албайт болчум. Сага болгон сүйүүмдү сен өзүң өлтүрдүң. Ыраазымын. 

Дары алып келбей бербегениң себеп болгон жок. Мени сүйбөгөнүң себеп болду.

Ошентип бүттү. Корккон жокмун. Эртең эмне болмок эле, эртең күн чыгат. А мен башка үйдө ойгоном. Анан жумушка барам. Балмуздак жейм. Бир гана жанымда сен жок болосуң. А мен кайгырган жокмун. Сендейди сүйө алган жүрөгүм, башкасын деле сүйө алат. Мен ага дагы мүмкүнчүлүк берем. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт