// //

Аялыма ич кийимди белек берип алып өкүндүм

2023.03.14, 14:21
17717

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Ыйлап жатты. Түшүнгөн жокмун. Мен башкача болот экен дегем. Сүйүнүп, кечинде кийип мага көрсөтөт экен дегем. Эч нерсе түшүнгөн жокумн. Белек коробкасы менен бурчка ыргыды. Ыйлап жаткан баланы көтөрүп алып бөлмөсүнө кирип кетти. А мен сөгүнгөн бойдон сыртка чыгып кеттим.

Байкем мага жакын жашайт. Келинчегиме айта албачу сырларды ошо менен бөлүшөм. Үйүнө кантип жеткенимди билбейм. Сыртта малга чөп салып жүрүптүр. Сөгүнүп болгон окуяны айтып бердим. Унчукпай угуп турду. 
Анан үйүнө кирип, бекитип койгон бөтөлкөсүн алып чыкты. Жашырганда эмене, кичине ичтик. Ачуум басылдыбы сурады. Үнсүз башымды ийкедим.

"Чарчаган аялга гүл бербеш керек экенин билесиңби, иним? Билбейсиң да, али жашсың да... Чарчап турган аял кантип күлөт, гүлдү дагы сууга алып барып салыш керек, жакшылап сүйүнүш керек, рахмат айтыш керек, а чарчаган аялдын буга алы келбейт, келсе дагы эптеп-септеп. Анан ачууланат. Чарчаган аялды кубанткың келеби? Ага тамак жасап бер же бир жакка алып чыгып сейилдеп тамактангыла, үйдү жыйнап бер, балдарды карап бер. Мына сенин белегиң. Сен ага сонун ич кийим бергениңди айттың. Ал буга чейин чарганын, балдар менен отуруп тур дегенин унутупсуң. Сен романтика жасагың келип өзүңдү ойлодуң. Ал эми үч балаңдан чыга албай, төрт дубалда отурган аялың нервденбегенде эмне кылат? Ал сенден жардам сурады, ич кийим эмес. Сен романтика жасагың келди, ал болсо эртеден-кечке балдарды жалаягын жууду, тамак жасады, кайра идиш жууду. Кайдагы романтика? Бирөөнү кубанткың келсе, ага эмне керек экенин ойло. Балким аялың эки саат тынч уктап алгысы келди. А сен муну ойлободуң. Эх иним..."

Акылыма келдим. Чындап эле келинчегим чарганын айтып жаткан. Мен өзүмдү ойлодум. Үйгө чуркап жөнөдүм. 

Мен берген белекти кармап алып ыйлап отуруптур. Жаман болуп кеттим. Кечирим сурадым. Эми баары башкача болот. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атамдын ашында мал сойгон эмесмин, эми түшүмө кирип жатат. Эмне кылсам болот?

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт