// //

Атамдын ичкени жигитим экөөбүздүн мамилени бузуп жатат. Эмне кылам?

2023.03.09, 11:19
2917

Жашым 18де. Чынын айтканда мен өзүмө ишенимдүү жүрө албайм. Үй бүлөдөгү терс көрүнүштөр психологиялык сокку берип жатат. Атам ичет, ага жинденген апам ачуусун менден чыгарат. Кээде атам да мага кыйкырып-кыйкырып алат. Ушунун кесепети жигитим экөөбүздүн мамилебизге да кесепетин тийгизет. Мага кеңеш бергилечи, канткенде өзүмө ишенимдүү боло алам?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.03.2023, 11:22

Асель Суюнбаева

Психолог

Саламатсызбы. Азыркы жашыңыз жашоодогу эң жакшы учурларынын бири. Келечегиңиз алдыда, бардык нерсени түшүнүп калгансыз, алдуу-күчтүүсүз, болуп жаткан нерселерди анализдеп, сиз каалаган жана умтулган келечек куруп алууга толук мүмкүнчүлүгүңүз бар.

Туура айтасыз, адамдын өзүно ишенимдүү болуу сезимин үй-бүло тарбиялайт. Тилекке каршы, бардыгыбыз эле ар кандай себептерге байланыштуу ата-энебизден, үй-бүлөдөн керектүү нерселерди ала албай калабыз.

Ата-энеңизди ич ара мамилесин сиз оңдой албайсыз, аларга таасир да эте албайсыз. Адамдардын ортосунда уруш-талаш, түшүнбөстүктөр көбөйгөн сайын, алар өздөрүн бактысыз сезишет. Жашоонун негативдүү жагына гана көңүл буруп, терс эмоциялардын туткуну болуп калышат. Башка нерселерди байкаганга, башкача ой жүгүрткөнгө мүмкүнчүлүгү жок болот. Мындай шартта балдарына эмес, өздөрүно жардам бере алышпайт.

Сизге айтылган оор сөздөрдү жакын кабыл албаңыз. Анткени анын бардыгы ачуулануу, жинденүү менен айтылууда. Адамдар көбүнчө жакшы сөзгө караганда жаман сөздү ойлонбой туруп, айтып салышат.

Сизге эмне үчүн мындай мамиле жасалып жатканын бир аз түшүнүп алдыңыз. Мындан аркы негизги максатыңыз, ата-энеңиздин каталарын кайталабоо. Өзүңүз үй-бүлө курганда ушундай көрүнүштөргө көңүл буруп, жолдошуңузга, балдарыңызга туура сүйлөп, алар менен туруктуу, ишенимдүү, бекем мамиле курууга умтулуңуз.

Азыркы тапта, үйдө болуп жаткан көрүнүштөр жигитиңиз менен болгон мамилеге тиешеси болбоого тийиш. Эгер экөөңөрдүн ортоңордо чыныгы жактыруу сезимдери бар болсо, ал сизди түшүнүүгө аракет кылат, жана сизи кабыл алат. Эгер андай болбосо ойлонуп көрүңүз.

Ийгилик!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт