// //

УЗИ жасаткандан корккондор үчүн сонун маалымат

2023.03.09, 10:28
3590

Салам, достор! Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунун адистери УЗИ жасатуу зыянбы же жокпу айтып беришти. Эгер сиз дагы улам УЗИ жасата берүүдөн корксоңуз, бул маалыматтар керек болот. 

УЗИни канча жолу жасаса болот?

Окумуштуулар жана дарыгерлер рентген нурларынан айырмаланып, УЗИ диагностикасы үчүн конкреттүү жана жалпы каршы көрсөтмөлөр жок экенин айтышат. Анткени, УЗИ толкундары организмде топтолуп, анын иштешине кандайдыр бир жол менен таасир эте албайт. Андыктан "Канча жолу жасатса болот?" деген суроого, "Ар бир адамдын жеке муктаждыгына жараша болот" деген жооп болот. 

Бир гана чектөө бар, УЗИ жасай турган жердин терисинде эч кандай жаракат болбошу керек! 

Кош бойлуу кезде УЗИге түшүү коркунучтуубу?

Көптөгөн аялдар кош бойлуулуктун эрте мезгилинде УЗИден коркушат, бирок чындыгында бул милдеттүү процедура, анткени ал бир катар патологиялык өзгөрүүлөрдү аныктоого жана түйүлдүктүн абалы жөнүндө толук маалымат алууга, баланын өмүрүн жана эненин ден соолугун сактоо үчүн өз убагында чара көрүүгө мүмкүндүк берет. 

УЗИ мүмкүнчүлүктөрү

Адамдын ар кандай тыгыздыктагы ткандары аркылуу өткөн ультра үн толкундары алардан жарым-жартылай чагылдырылат. Ар кандай даражадагы чагылуулар сенсорлор тарабынан тартылып, монитор экранында көрсөтүлөт, мында изилденип жаткан органдардын контурларын жана тыгыздыгын реалдуу убакыт режиминде баалоого болот.

А сиз УЗИ жасаткандан коркчу белеңиз?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт